Айгүл Асанбаева, Садыр Жапаровдун жубайы : “Садырга жолугушууга барган үч күндү майрамдай өткөрөбүз…»

Ушу тапта Жапаровдордун үй-бүлөсү оор сыноолорду башынан өткөрүп жаткан кези.Ал 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган.11 жыл 6 айга кесилген оппозиционер бүгүнкү күндө 2 жылын өтөп бүттү.Бирок эки жылдын аралыгында ал эң кымбат адамдарынан айрылды.“Жолдошум турмуштун сыноосуна сынып же кайратынан тайган жок” деген жубайы Айгүл айым азыркы жашоосу тууралуу айтып берди.

-Эже, жолдошуңуз камалгандан бери эки жыл өтүптүр.Сиздердин жашооңуздарга кара так салган ошол күн эстен кеткис болуп сакталып калгандыр?
-Ооба, ал күн бүгүнкүдөй эсимде.Чет мамлекеттен кайтып келе жаткан Садырды 2017-жылы 25-мартта атабызды чыдамсыздык менен күтүп, кыргыз-казак чек арасынан тосуп алганы барганбыз.Көрсө, күч органдары Садырдын келишине тишине чейин октолуп коркунучтуу террорист келаткандай камданышкан экен.Эгер алар мыйзам чегинде иш кылышса, үй-бүлөбүз, балдарыбыз мынчалык запкы тартпайт болчу.

-Тарткан азаптарыңыздардан улам аял катары “ушундан көрө жанын багып чет жакта жүрө берсе болмок” деп өкүнгөн учуруңуз болдубу?
-Садыр жаңы камалып, көз жашым кургабай жүргөн кездерде бир эже мындай кебин айтты:“Мекенге Садырдай адам керек.Эгер ал келбей чет жакта жүрө бергенде бир гана сенин күйөөң бойдон калмак.Сөзүнө туруп келди, элдин уулу бойдон калды”.Туш-тараптан ушундай колдоо болгондо чыйралып, кайраттанып калдым.Жолдошум камаларын билип туруп келген.Бирок ал балдарына, туугандарына кысым, үстөмдүк болорун билген эмес.Кандай болбосун, мен жолдошумдун буга чейинки тандоосун жана мындан аркы иш-аракеттерин колдойм.Анткени ал патриот адам.Көп мамлекеттерди кыдырып жүрдү да.Ал жакта иштеген кыргыздар менен жолугуп, көйгөйлөрүн укканда кабыргасы кайышчу.“Эмне үчүн колубузда бар байлыктарды иштете албай кыргыз эл чет жакта кор болуп жүрөт?”деген ой ага тынчтык бербей келет.Буюрса, эркиндикке чыкканда деле кыргыз элине кызмат кылам деген ойдо турат.

-Атасы менен кошо сабалып, камакка алынган эки балаңыздын абалы жүрөгүңүздү ого бетер сыздаткандыр?
-Мен экөөнүн сабалган кебетесин интернетке тараган видеолордон эле көрүп аттым.Колу артка кайрылган, сабалган, көзүнүн жашы төгүлгөн Ренатты көрүп анын 10 жаштагы кези көз алдыма тартылды.Анткени Ренат ошол курагында жол кырсыгынан ата-энеси бирдей каза болгон.Ошондо ал дал ошо күндөгүдөй көз жашы төгүлүп боздогон эле. Ренат Садырдын бир тууган инисинин баласы. Ата-энеси каза болгондон кийин жолдошум: “Инимдин жалгыз тукуму, өз баламдай чоңойтом”,- деген. Ошондон тартып ал бизге уул болуп калды. Садырды идеал тутуп, аны менен сыймыктанып өзгөчө ынак чоңойду. Ал эми уулум Рустам ошо кезде ичинен операция болгон. Чек арага атасын тоскону барганда жаңыдан жакшы болуп келаткан. Ичке катуу тебишкен экен. Ошентип Ренат 5 күнгө, Рустам 6 айга камалган. Кийин Рустамдын соту болуп шарттуу түрдө чыгарылган. Балдарыма ушунча кордук көрсөткөндөрүн эстесем азыр деле жүрөгүм сыздап кетет.

-Жолдошуңуз ушу эки жыл аралыгында ата-энесинен бирдей айрылды. Уулуна болгон санаа ата-эненин өмүрүн кыскартты деп ойлойсузбу?
-Жолдошум камакта отурганда кайнагаларым, кайнилерим ата-энебизди болушунча жакшы караганга бүт күчүн жумшашты. Адам кайгыны, ооруну жаштыгы менен эле жеңет экен. Кайынатам менен кайненем тилекке каршы жеңе алышпады. Уулу камалганда атабыз өзүн күйүткө алдырып койду. Баласын ойлоп санаага батып жүрүп акыры келбес сапарга кетти. Апабыз башында жакшы эле болчу. Бирок абышкасынын ашынан кийин ал да өзүн таштап койду. Бир жагынан жолдошунан айрылып, экинчи жагынан уулун ойлоп күйүткө алдырып жиберди окшойт. Бат-баттан ооруй баштады. Күз айларында бөйрөгү ооруп Бишкекке алып келип гемодиализге жаткырдык. Башында жумасына үч жолу алып аткан, кийин ага чыдабай эки ирет алып калды. Садыр чыкканга чейин апабыз аман турса экен деп баарыбыз аракет кылдык.Бирок Кудайдын берген суусу, тузу түгөнсө айла жок экен..

-Апасын акыркы сапарга узатканы жолдошуңуздун келерин билдиңиздер беле?
-Атасы каза болгондо жактоочубуз “топурак салдырып койгула” деп уруксат сурап кирсе уруксат бербей коюшкан.Кийин уксак, топурак салганы барганда элдерге митинг кылып көтөрүлүш чыгарат дешиптир.Балким бийликтегилер аны өксүтүп ушундай жол менен өч алдык деп ойлошкондур.Апабызды акыркы сапарга узатарда үй-бүлөлүк досубуз Камчыбек Ташиев мага чалып: “Аяш, Садырды топурак салганы алып барам” деп телефон чалды. Көрсө аябай аракет кылып уруксаат алган экен.Талант Маматовдор аракет кылып атып уруксат алышыптыр. Бул тууралуу бизге Камчыбек Ташиев телефон чалып кабарлады.

-Келгенде туугандарынын жанында канча убакыт болду?
-Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдор алып келишти. Жолдон айылдын четиндеги мүрзөгө кайрылып атасына куран окуптур. Садырды күтүп атканбыз келээри менен апабыздын жаназасына турушту. Жерине берип келгенден кийин бат эле “12 саатка эле келгенбиз, кетишибиз керек” деп шашып калышты. Бир чети энесине топурак салып көксөөсү сууп калганына сүйүнсөм, экинчи жагынан шаштырып алып кетип баратканына ызаланып, түшүнүксүз сезимде калдым. Туугандарынан, балдарынан сагынычы тарамак тургай, жакшылап сүйлөшө албаган бойдон эле кайра кетти. Апасынын керээзи орундалып уулунан топурак буйруп калганына шүгүр. Садырды кыйын убакта колдоп жүргөн досторуна ыраазымын.

-Мыйзам боюнча канча убакытта бир жолугушууга уруксат берилген?
-Бир жарым айда 3 күнгө барып жолугуп турабыз. Бул күндү балдары чыдамсыздык менен күн санап күтүшөт. Садыр өзү балдардын тарбиясына, билимине, спортко болгон кызыгуусуна аябай көңүл бөлөт. Кышында балдары менен лыжа тепкени, жайында жайлоого чыгып ат мингенди жакшы көрчү. Азыр жолугушууга барганыбызда балдары менен шахмат, шашки ойнойт. Башынан өткөн ар кандай кызыктуу окуяларын айтып берет. Балдарына туура багыт берип кеңештерин айтканга үлгүрөт.Өзү камакта жатса да бизге дем-күч берип, ушул үч күндү жакшы маанайда майрамдагыдай өткөрөбүз.

-Жалгыз кызыңыз атасына жакын болсо керек?
-Улуу балам Дастан жыйырма жети жашта, Рустам менен Ринад 22 жашта, кичүү уулум Нурдөөлөт 15 жашта. Ал эми жалгыз кызыбыз Жанайым 8-класста окуп калды. Атасына өтө жакын. Экөөнүн жашоого болгон көз караштары да окшош. Барган сайын шахматты укмуш ойношуп кийинки турду экөө тең чыдамсыздык менен күтүшөт. Кызым башка балдарыма караганда атасынын жан дүйнөсүн жакшы түшүнөт.

-Жолдошуңуз менен кандай шартта тааныштыңыз эле?
-Садыр экөөбүз коңшу айылдардан болобуз. Мен ал кезде 18 жашта элем, жолдошум 23 жаштагы кези. Ал Дене тарбия институтунда окуп жүргөн. Эки жарым жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Төрт уул, бир кыздын ата-энеси болдук.

-23-апрелде соту болот турбайбы. Кандай чечимден үмүт кылып атасыз?

-Адилеттүү чечим чыгып акталса деген үмүтүбүз чоң. Ушул күнү укугубуздан пайдаланып Садырдын, Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары соттун алдына жыйынга чыгалы деп атабыз.Биздин үнүбүз бийликке жетсе деген ниетибиз күч.
БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу