Айгерим Расул кызы: «Чын айтканда 24 сааттын ичинде ким дос, ким душман экени аябай билинди»

Айгерим Расул кызы,  Нурзат Токтосунова менен болуп жаткан чырында, ким дос, ким душман экенин байкаган өңдөнөт. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык баракчасына жазып,  Нурзат айымга дагы көп сөз айтылбай калганын баса белгиледи. Анан дагы болуп өткөн  ызы-чууну токтотуу максатындабы, айтор ырчы айым төмөнкүчө билдирүү калтырган.

«Баардык каалоо-тилектерге, жылуу сөздөргө, менин талабымды талашып колдогон күйөрмандарыма чексиз ыраазычылык билдиргим келет! Чон рахмааааат! Силер бар — мен бармын! Баары жакшы шүгүр! Чын айтканда 24 сааттын ичинде ким дос, ким душман экени аябай билинди. Тааныштарымды бир топ иргеп алдым. Окуя боюнча акыркы сөз: Элдешкиле деп жатышат, айтыш оңой чындыгында кыйын. Себеби ал биринчи кол салганы ачуу чындык жана өзү дагы Кудай десе аны тана албайт!
Күндүзү Улуулар чалып тыйгыла дешти: Тыйдым, алардын сөзүн эки кыла албайм! Ушул менен тема жабылды! Айтылбаган көп сөз калып кетти. Макул эми, Кудай бар…убагы келгенде баарын таразалап, ордуна коёт.»-дейт, Айгерим Расул кызы.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу