Айгерим Расул кызы: «Жакшы төлөп берген гана тойлорго чыгып калам…»

Ырчы Айгери Расул кызы инстаграм баракчасына боёнбой түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Кыска убакыттын ичинде бул сүрөт жарым миллиондон көрүүчү топтоп, 51 000ден ашык аамга жагып 6000 адам аркандай өңүттөгү сын-пикирлерин калтырды. Арасында ырчыдан сулуулук сырын сурагандар арбын болду. Мындан улам Айгерим өзүнө кам көрөөрүн айтып берип, айрым кеңештерин окурман менен бөлүштү.

-Айгерим сүрөттү жүктөп жатып «катуу сындабагыла»дептирсин. Күйөрмандарыңдын сынын жүрөгүңө жакын аласыңбы?

-Негизи ал сөздү тамаша иретиндежазгам. Чынында сын-пикирге көнүп, бышып деле калгам. Сахнада үч жашымдан бери жүрөм. Быйыл 25 жыл болот экен. Бул аралыкта темирдей бекем болгоду үйрөндүм. Терс пикирлерди көңүлүмө жакын албайм, кулагымдын сыртынан кетирем. Мага караганда жакындарым “сени минтип жазып жатышат го” деп чыйпылдап ийишет.

-Сүрөтүңдү киргизгенден кийин алты миңге жакын адам сын-пикир жазып калтырыптып. Арасында “боёнбосоң да деле сулуу экенсиң” дегендер басымдуу экен?

-Ээринбей ар бир пикирди окуп чыктым. Көбү жакшы сөздөрдү айтып жатышат. Баарына ыраазычылык билдирем. Жеке жашоодо көп боёнбойм, жасанбайм. Көзүмдүн үстүн чийип коём, бул адат болуп калды. Үйдө болсо дайыма боёксуз жүрөм. Бирок сахна адамы болгондон кийин жок дегенде бетиңе упаа сүртүүгө туура келет. Эл алдына чыкканда сүрдөйсүң, кызарасың дегендей.

-Косметиканы кайдан аласың?Кымбатына басым жасайсыңбы?

-Азыр чет өлкөдөн келген косметиканы саткан дүкөндөр көп эмеспи. Ошолордун кызматын пайдаланам. Аябай кымбат косметика колдонбойм. Орточо бааны карманам. Көп деле боёнбогондуктан косметикага көп деле каражат коротпойм. Бир алып койсом көпкө жетет. Кээ бир фирмаларга көнүп калгам, туруктуу ошолорду колдоном

. -Кашың өзүңдүкү экенине күйөрмандарың таң калып жатышат.Ушу күнгө чейин тердирип, ушу күнгө чейин тердирип, татуаж жасаткан эмессиңби?

-Кичине кезимде атам менен апам “кашыңды тербе, боёбо” деп көп айтышчу. Ушул сөз кулагыма сиңип калыптыр . Ооба ушул күнгө чейин кашымды тердирип, татуаж жасаткан эмесмин. Негизи эле татуаж жакпайт. Кээде макияж жасаганда азыраак боёп коюшат. Ошондо да кашым калыңдап кеткенсип жүдөй берем. Өзүмө ушундай нукуралуулук жагат.

-Бетиңдин тунуктугу да көпчүлүктү кайдыгер калтырбаптыр. Териге кандай кам көрөсүң?

-Атайын адистердин кызматына кайрылып күз же жаз айларында бетимди тазалатып турам. Башка өзгөчө деле кам көрбөйм. Бетиме ар кайсыны чаптай бербейм. Негизи башынан эле бетимдин териси тунук, таза болчу. Ошо бойдон сакталып келатат. Менин оюмча боёкту ашыкча колдонбогондуктан болсо керек. Макияжды коюп узак убакыт жүрбөйм. Тойдон келерим менен дароо бетимди тазалап, дем алдырганга аракет кылам. Уйкумду жакшы кандырам. Уйку канганда бүт организмге, анын ичинде беттин терисине да таасир тийгизет. Сууну көп ичем. Суу беттин жылмакай, тунук болуусуна жардам берет.

-Ушу күнгө чейин жасалма сулуулуктун кайсы түрүн колдонуп келесиң?

-Кирпикти дайыма өстүрөм. Бат-баттан түшө берген маалда ортодон 2-3 айга өстүрбөй тыныгуу алам. Ал маалда өзүмдүн кирпиктериме кам көрүп атайын майларды сүйкөйм.

-Жолдошуңа боёнгонуң жагабы?

-Жолдошума боёксуз жүргөнүм жагат. Башынан эле, “ушундай эле жүрчу, боёнбогонуң жагат” дей берчү. -Эки балалуу болгондон киийн өзүңө мурункудай көп убакыт артпай калса керек? -Мен бардык энелер түшүнүп жатса керек. Эки бала менен сыртка чыгуу кыйын болуп калды. Балам эмизүүдөн калбасын деп дайыма жаныма алып жүрөм. Тойго чыгаарда уулум кыйналбасын деп салондорго барбайм, адистерди үйгө чакырууга туура келет. Чачымды жасап жаткан учурда балам ыйлап калса жардамчы кыздар каралашып турушат.

-Жолдошуң социалдык баракчаңа кандай көз карашта? Өзүнүн сүрөтүн жүктөгөндү жактырбайт окшойт?

-Негизи менин чыгармачылыгымды, соц. Баракчамды жактырат. Колдойт. Бирок бир жерге барып чай ичип олтурганыбызды, же балдарым менен эс алып жүргөн мезгилдеги сүрөттөрдү киргизүүмдү каалабайт.Булар мага деле жакпайт. Инстаграм баракчамды күйөрмандар менен байланышта болуу үчүн, чыгармачылыгыма, өзүмө каражат тапчуу булак катары колдонсом туура болот деп ойлойм. Ушу күнгө чейин баракчам аркылуу ар кандай фирмаларды, салондорду жарнамалап киреше таба алам.Кээде арыктата турган каажаттарды, дарыларды жармана кылып берүүмдү суранышат. Аларды өзүм колдонуп, копулума толсо гана макул болушум мүмкүн.

-Балаң кичине болсо да тойлорго чыгып ырдай баштадың. Бул учурда уулуңду ким кармап жардам берет?

-Азыр болгон убакытымды үй-бүлөмө, балдарыма арнап атам. Уулум эки жарым ай болгондо биринчи жолу тойго чыккам. Азыр үч айлык болуп калды. Жакшы төлөп берген гана тойлорго чыгып калам. Күндө тойлордо ырдай албайм. Мен үчүн биринчи кезекте уулумдун жакшы чоңойгону маанилүү. Тойго кирип ашып кетсе он мүнөттө ырдап чыгам, ал аралыкта апам (кайненеси) же, жардамчы кызым баламды жылуу унаада карап отуруп турат.

-Төрөттөн кийин толугу менен калыбыңа келдиңби?

-Акырындан калыбыма келе баштадым. Бирок, эмизип жаткандыктан эч кандай диета кармабайм. Кызымда кыймыл аз болуп, үйдө жата берип толуп кеткем. Шишик да баскан. Бул мага сабак болду. Мунусунда чарчап турсам да көп кыймылдаганга аракет кылдым. Мурункудай салмак кошкон жокмун. Акырындап калыбыма келем деп тамакка чектөө киргизген жокмун. Диета кармайм деп баламдын ден соолугун өксүткүм келбейт. Арыктагым келсе нанды, таттууну камыр тамакты азайтып коем. Сууну көп ичем, көп басам. Ушул нуктан чыкпай жүрсөм бат эле калыбыма келем.

БУЛАК:азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу