Айганыш Абдиева, ырчы: «Кайын-журтум мени менен сыймыктанат»

—Айганыш, турмуш -тиричилик менен алек болуп чыгармачылыгың аксап калган жокпу?

—Туура, үй-бүлөлүү, балалуу аялдын колу-буту тушалып калаарын баары эле билишет. Уулум төрөлгөндөн кийин «анын наристе кезиндеги кылыктарын көрбөй калбайын» деп бир жарым жашка чейин ишке чыккан жокмун. Азыр буюрса, чоңоюп калдык. Эми жаңы ырларды жаздырып, чыгармачылык менен алектене баштадым.

—Аябай тамашакөйдөй көрүнөсүң, жашоодо кандайсың?

—Жашоодо көптөргө аябай тамашакөй көрүнө берем. Эл сезбеген корс мүнөзүм деле бар. Жолдошум, жакындарым аны жакшы билишет. Жан дүйнөмдө аябай назик  экенимди мойнума алам. Кинодон кыйналгандарды көрсөм же социалдык тармактан наристе балдардын катаал турмушка туш болгонун байкасам дароо ыйлап иймейим бар. Негизи негативди көп жактырбайм. Андыктан күлүп-жайнап жүрөм.

—Көп күлгөн кишинин жүрөгү жаралуу болот дешет, сен кандай ойлойсуң?

—Жүрөгүм бүтун эле, Кудай сактасын. Өзүм ушинтип көп күлүп жүргөндү жактырам. Бирөө капа болуп турганын көргөндө кайсы бир сөздү айтып, жылмайтып койсом, эс ала түшөм. Кабагын ачпай, катаал көрүнгөн адамдардан күлүп жүргөндөр бактылуу көрүнөт. Муну дайыма жылмаюуну адат кылган япондор аныктап чыгышкан.

—Сахна менен үй-бүлөнү алып кетүү сен үчүн түйшүк эмеспи?

—Чыгармачылыгымды баштай электе эле журналисттер менен достук мамилем бар эле. Досторум жаңы ырдап чыкканда, ырларымды бат-бат таратып аракет кылып жардам беришти. Анын үстүнө жолдошум мени колдоп тургандыктан кыйынчылыктар билинген жок. Шоу-бизнестен сырткары башка да жумушта иш- тейм. Мурда эч нерсеге жетишпей эле басып жүрчүмүн. Азыр үй-бүлөмө, уулума, сахнага баарына убакытты туура болгонду үйрөндүм.

—Кыргыз шоу-бизнестеги акылга сыйбаган ушактардын курмандыгы болгонсузбу?

—Өзум интриганы аябай жаман көрөм. Ушактарга таптакыр көңүл бурбайм. Бирөө мени жамандаганын айтып келсе «сен айтып келбе, ал адам өзу келсин» деп так кесе жооп берем. Эми ушак бул сөз, аны сүрүштүрүп олтурууга убактым тартыш, көңүл да бурбайм.

—Кайын журтуң ырчы келини менен сыймыктанабы?

—Мурда көп көңүл бурушчу эмес. Атым чыгып ырдап калганда деле кандай кабыл алышканын таптакыр мага билгизишкен деле жок. Акыры жасалмасы жок мүнөзүм менен баарын көндүрдүм окшойт. Азыр ырдоо каалоомду жакшы кабыл алып, мени менен сыимыктанып, дайыма колдоп турушат.

— Тынымсыз селфи жасагандардын катарын толуктайсызбы ?

— Инстаграм 1 баракчамды байкасаңыздар, мен кээде таптакыр  кирбей коём . Айрым учурларда аябай күлкүлүү сүрөттөрдү, видеолорду көп-көптөн жүктөп турам. Кээде арадан көп убакыт өтүп кетсе «сиздин видеолоруңузду жактырып көрөбүз» деген катталуучуларымды каалоосун эске алып жаңылыктарым менен бөлүшөм.

— Сахналаштарың Ташкенттин сахнасын багындыра башташыптыр…

— Мен дагы Самара Каримованын Ташкентке концерт коюп жатканын маалымат булактарынан уктум.Өнөр ээлери дүйнөгө таанылып турганын ким каалабасын. Шоу-чөйрөдө кимиси ийгиликке жетишсе баарын кубанып кабыл алам. Мен деле Эл аралык конкурстарга катышып, өлкөмдүн желегин желбиретсем деп каттуу кыялданып коём. Жөн эле сахнага келип кеткен катардагы ырчы болбой, башка улуттагыларга таа- нылсам деп аракет кылып жүрөм.

— Славян базары сынагынын тандоо туруна катышкан экенсиң…

— Тандоо учурунда кастингге менин да барганым чын. Жакшы эле аракеттенип ырдадым. Бирок өткөрбөй коюшкан. Калыстардын ичинде олтурган Салтанат Аширова мага басып келип: «Айганыш, сенин үнүң бийик, абдан аракетиң жогору болчу. Айла жок, ушундай болуп калды» деп айтты. Ага таарынган деле жок- мун. Жашоом бир сынак менен токтоп калбайт. Алдыда али убакыт көп, мүмкүнчүлүктөрүм жетиштуу.

— Чыгармачылыгыңа көмөктөшкөн жардамчың барбы?

— Сезип тургандай суроо бердиңиз, буга чейин жардамчым жок болчу. Азыр жакшы клип, ырлардын үстүндө иштеп жатам. Андыктан ары-бери чуркаганга жетишпей калбайын деп жаныма бирөөнү алсамбы деп ойло- нуп жүрөм.

—Чыгармачылыгыңда эмне жаңылыктарың бар?

— Сыймык Бейшекеевдин «Жалгызымсың» деген ырын өзүнөн сурап, жаңылап ырдап чыктым. Жолдошум ырды жактырып калып мага сунуштаган. Авторго ырды жаздыргандан кийин угузсам «жакшы ырдап- тырсң» деп батасын берди. Буга чейин заманбап ырларды ырдап келсем, мындан соң элге жакын ырларды ырдап чыгам деген ойлорум бар.

Сезим Мураталиева

БУЛАК: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу