Айбек Мырза, Курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары: «Он миң кол топтоо менен чектелбейбиз»

— Айбек, референдум өткөрүү боюнча демилге топтун иши кандай болуп жатат?

— Демилге топ 10 000 кол топтоого күбөлүк алыш үчүн баардык документтерди Адилет министрлигине тапшырдык. Алар бир айдын ичинде карашып, күбөлүк бергенден кийин аймактарга чыгып, Курултайларды өткөрүп, кол топтоо иштерин баштайбыз.

— Референдумга кайсыл суроолор коюла турган болду?

— Үч суроо коюла турган болду. Биринчиси, Президент, Жогорку Кеңеш ар жылдык иштери боюнча Элдик Курултайларда элге отчёт беришин колдойсуңбу? Бул бизге бийликтин жоопкерчилигин камсыз кылат. Антпесе Президент, депутаттар каалагандай иш кылып, эч кимге жооп бербей кетип калып жатышат. Эч ким эч нерсеге жооп бербеген системада биз эч качан өнүкпөйбүз. Экинчиси, башкаруунун кайсыл формасын колдойсуң? Президенттикпи же парламенттикпи? Эгерде Президенттик болсо премьер-министр институту жоюлуп, аткаруу бийлигин президент өзү жетектейт. Парламенттик болсо аткаруу бийлигин премьер-министр жетектейт. Ошондо бизде жоопкерчилик так аныкталат. Үчүнчүсү, Жогорку Кеңештин депутаттары кандай шайлоо системасы менен шайланышын колдойсуң? Партиялык, бир мандаттуу же аралаш. Бул
жерде азыркы Конституцияда карама-каршылыктар бар.

— ​Кол топтоо менен гана чектелесиңерби?

— Аймактарда Курултайларды өткөзүп, кол топтоо баштоо менен чектелбейбиз. Конституциялык реформа керек деген саясий бирикмелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Коомдук Конституциялык Кеңешме түзөбүз.

— Силерди акыркы кадрдык жаңы дайындоолор жакшы ойго түрттүбү?

— Өмүрбек Субаналиевдин кызматка келиши жакшы жышаан. Туура тандалды деп ойлойм. Аликбек Жекшенкуловдун Россияга элчи болуп дайындалышы да талапка ылайык болду. Бул эки кадр тең өз тармагында тажрыйбасы мол адамдар деп эсептейм. Бирок, азыркы кадр тармагы өтө аксап жатат. Премьер-министр Абылгазиев, Айыл чарба, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтери, башкы прокурор өз ишин мыкты аткара алышпай жатканын эч ким тана албайт. Булар турганда мамлекетте саясий, экономикалык реформалар жүрбөйт жана мамлекетибиз алдыга жылбайт.

Маектешкен  К. Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу