Айбек Мырза, жарандык активист: «Азыркы парламент «кул мүнөзгө» айланды»

Депутаттар бүгүнкү жыйында экс-президентке жооп кайтарышты. Үн катышты. Бирок, ошол эле депутаттардын эки жүздүүлүгү, дагы башка сапаттары көпчүлүктү нааразычылыкка түрттү.

 Айбек мырза, азыркы парламентти «кул мүнөз» деп өзүнчө мүнөздөмө берип чыктың…

— «Кул мүнөз парламент» боюнча айла жок айтып, кыйкыргың келет экен. Азыркы парламентке «кул мүнөз» деп мүнөздөмө берсек туура болчудай. Кулдун биринчиден өз кожоюну болот. Экинчиден, өзүнчө чечим чыгара албайт. Өз алдынча ой жүгүртө албайт. Өзүнүн керт башы, курсагы үчүн эле жашайт. Ушул айтылган мүнөздөмөлөр биздин парламентке да тийешелүү. Анткени азыркы парламенттин кожоюну азыркы президент.

Президент кандай тапшырма берсе ошону аткарышат. «Бийлик бутагына кайсы адамды шайла» десе шайлашат. Кандай келишим, чечимди кабыл алууда алар баарына макул. Кыскасы, президенттин гана оозун карап турат. Өз алдынча чечим чыгара алышпайт. Кожоюнга каршы ой-пикир айта алышпайт жана жеке кызыкчылыгынан, керт башынан өйдө көтөрүлүшпөйт. Эл жөнүндө, эркиндик жөнүндө, башка өнүгүү, өсүү, реформа жөнүндө, жаңы-жаңы, сонун идеялар тууралуу көтөрүп чыккан баалуулуктары жок бул парламентти мен «кул мүнөз парламент» деп айтат элем.

Эми азыр кеткен президентти сындап, чоң маселе көтөргөндөй бапылдап жатышат. Азыркы учурдагы президенттен реформаларды талап кылуу боюнча, жаңы кадрлар боюнча эч кандай ойлорун айтышкан жок. Анткени кожоюнуна каршы чыга алышпайт. Кандай президент келсе да өз кожоюндары катары сезип алышкан. Ошол себептүү мындай парламенттин иштешине каршымын. Кооптондура турган нерсе — улуу кыргыз эли «кул мүнөз парламентти» шайлап, кедерибизден кеткенибиз ошол…

Булак: “АЗИЯnews”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу