Айбек Карымов: «Пистолет менен үйгө кирип келишти! Менин милициям мени коргойбу же мени кордойбу…»

«Тапанча менен уйго кирип келишти»- Айбек Карымовдун кайрылуусу:

Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө:
Мен бир жылдары ички иштер министрлигинин ансамблин жетектеп, милиция кызматкерлеринин маданий иштерин тейлеп, аз да болсо мекен, эл, жер үчүн ак кызмат өтөп, милиция кызматкерлери менен эриш-аркак иштеп жүрүп жарым-жартылай милиция болуп калган окшойм. Азыркыга чейин милиция кызматкерлерине жан тартып турам. Алардын түйшүгүн сезип турам. Өз учурунда кыргыз милициясынын маршын дагы жазгам. Бирок, акыркы эки жылда негедир милиция кызматкерлери менин ишеничимди, менин эле эмес элдин ишеничин актай албай калды көрүнөт. “Менин милициям мени коргойбу же мени кордойбу” деген эки анжы ойдо турам.
2017-жылы үйүмө 5 жолу ууру кирди. Ал эми жаңырган жылдын бешинчи эле күнүндө алтынчы ирет кирди. Ошону менен милиция кызматкерлерине 6 жолу кайрылдым. Издешти, таба алышпады. Бирөөсүндө телефон уурдаган экен өзүм таап, кармап барып бердим. Калган беш кылмыштын бети ачыла элек. Үйдүн ичи-сыртына коюлган видеобайкоодо кылмышкердин жүзү ачык көрүнүп турат. Кыргыз милициясына ишенип, табылар, кармап жазага тартаар деген ишенич менен күтүп келдим. Акыры кооптуу жагдай жаралганда аргасыз айгай салууга мажбур болуп отурам. 2018-жылдын 5-декабрында кирген ууру үйдөгү баалуу буюмдарды (телевизор, шуба, чаң соргуч ж.б. тиричилик техникалар) алып кетиптир. Анысы аз келгендей жеке мага таандык травматикалык пистолетти сейфи менен кошо көтөрүп кеткен. Алигүнчө белгисиз. Ал ууру учурда эмне кылып жүрөт, кандай кылмышка барды ким билет. Мени түйшөлткөнү, бушайман кылганы ушул. Эскерте кетчү жагдай, ушул эле айылда 20дан ашык үйгө ууру кирген. Бул кылмышка анын тиешеси жок деп ким кепилдик бере алат?!…
Жакында Президентибиз С.Ш.Жээнбеков коопсуздук кеңешинин жыйынында бир топ олуттуу маселелерге токтолуп, укук коргоо органдары коррупцияга малынып, жарандардын арыз-муңу каралбай калып жаткандыгын баса белгилеп өттү эле. Катуу сынга алды эле. Аны менен бирге чоң жоопкерчиликтерди, талаптарды коюп, кыска мөөнөттө бардык катачылыктарды жоюу тапшырмасын берди эле. Бул талаптар “жогорудагыдай көрүнүштөргө тезинен чара көрүлсүн, элдин арыз муңу каралсын, эрте чечим чыгарылсын, айлап-жылдап зарыгып күтүп укук коргоо кызматкерлеринин артынан ээрчип жүрбөсүн” деген чакырык деп түшүнгөнбүз. Бирок, эмнегедир дагы деле эч кандай майнап чыкпагандай. Эч кандай реакция болбогондой таасир калтырууда.
Андыктан урматтуу замандаштар,
Милиция кызматкерлери чындап эле издеп жатышабы же бул ишке өздөрүнүн дагы тиешеси барбы деген бүдөмүк ойлор келүүдө. Болбосо эмнеге бир кичинекей айылдан ал кылмышкерди табууга мүмкүн эмес. Биздин акыркы үмүтүбүз, ишеничибиз укук коргоо кызматкерлеринде эле. Бул кылмыштын бети ачылабы же түңүлүп “тү” деп түкүрүп кала беребизби…
Бул кайрылуунун бир нускасы Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Исраилов Улан Жумабековичке жөнөтүлдү.

Урматтоо менен,
А. Карымов

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу