Айбек Дайырбеков, Толкун Дайырбекова: «Фильмди көргөн мигранттардын жүзүнөн мекенине болгон кусалык байкалып турду…»

«Дарак ыры» тасмасы өткөн жылдын эсебинен тартылган кыргыз кинематографиясындагы эң мыкты кино катары тарыхта кала бермекчи. Аталган тасма өз өлкөсүндө гана эмес, чет жерлерде да коюлуп, жалаң гана мактоо сөздөрүнө татып келет. Тасманын жаратуучулары – жаш жубайлар Айбек Дайырбеков менен Толкун Дайырбекова тасманын алкагында болуп жаткан жаңылыктарын айтып берип, кино тармагындагы келечектеги пландары менен бөлүштү.

-Айбек, Толкун, саламатсыздарбы? «Дарак ыры» тасмасын жакында эле Москва шаарында коюп келдиңиздер. Кандай кабыл алды эл?
-Айбек Дайырбеков: — Мисалы, «Дарак ырындагы» образ–бул өз жерин, үй-бүлөсүн таштап коюп чет жакта жүргөн мигранттын образын чагылдырат. Анда ал каармандын «Тоолор, мени көтөргүлөчү!» деп ырдаган эпизоду бар. Өзүм да муну мигранттын ыры деп коём. Ошол жерден кээ бир көрүүчүлөр шолоктоп ыйлап: «Биз дагы эми мекенибизге барсак тааныбай калышат турбайбы!»- деп ичте болгон эмоцияларын жашырбай айтып жатышты. Кинодон кийин көбү өздөрүнө келе албай, бизге суроолорду берип, кетиргилери келбей жатканын байкадык.Жалпылап айтканда, Бишкектегиге салыштырмалуу тасманы Москвада көрсөтүү алда канча таасирдүү болду десем жаңылышпайм. Толкун Дайырбекова: — Кыргыз киносу тарыхта биринчи жолу Москванын бир жарым миң кишилик чоң кинотеатрында коюлду. Залга жүз пайыз чогулган эл аягында он мүнөт токтобой кол чаап турду. Биз сахнага чыгып сөз баштайлы десек баштатпай көпкө чейин күтүп калдык. Ошондогу элдин жүзүнөн мекенине болгон сүйүү, кусалык, сагынуу, толкундануу сезимдери байкалып турду. Бирин карасаң ыйлап жатканы, бири кубанычтуу жылмайып турганы… Айтор, мындай көрүнүш, албетте, тасманы жаратуучулар катары бизди да сыймыктантпай койгон жок. Москвада туулуп-өсүп калган кыргыздар келип: «Биз бул жакта төрөлүп-өскөнгө кыргыз тилин такыр билбейбиз. Бирок бул тасма бизге кандайдыр бир стимул берип, тилибизди үйрөнүүгө шыктандырды. Мекенибизге болгон сагынычты таратты»,- деп өздөрүнүн жакшы ойлорун билдирип жатышты.

-Бардыгы болуп тасманы канча өлкөдө койдуңуздар? Абройлуу кинофестивалдарга да катышып жүрөсүздөр?

-Т: — Түштүк Кореянын Пусан шаарында, Эстонияда, Москвада коюлду. Ал эми фестивалдар боюнча айтсам, 30дан ашуун дүйнөдөгү ири кинофестивалдарга катышууга сунуштар түшүп, катышып келе жатат. Мындан сырткары АКШдагы беш ири кинофестивалга катышып, «Оскарга» татыктуу тасмалар менен бирге ат салышты. Бангладеште, Самарада, Казанда өткөн кинофестивалдардан гран-прини жеңип алдык. Эми июль айында Италияда өтчү чоң кинофестивалга катышууга чакыруу алдык. Ал жакта белгилүү актёрлор Оливер Стоун жана Николь Кидман калыстар тобунун мүчөсү экен. Буюрса, алардан дагы тасмабыз тууралуу жакшы ойлорду угабыз деп ниет кылып турабыз.

-Көп эле өлкөлөрдө коюлуп жатыптыр тасма. Алдын ала ар бир коюлуп жаткан өлкөнүн тилине которулабы же?
-Т: — Жок, учурда орус тилине эле которулган. Чет жактарга койгондо, мисалы, кайсы өлкөгө барсак, фильм кыргыз тилинде эле кетип, астына ошол өлкөнүн тилинде субтитрлер кетет.

-Бул тасманы жаратуу идеясы эмнеден улам пайда болду эле?
-А: — Негизинен, тасманын ичиндеги окуялар – мен бала кезде угуп жүргөн окуялар. Бул атам, агаларым айтып берген уламыштар, жомоктордун негизинде жаралган тасма десем болот. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар дагы мени аябай таасирлентчү бала кезде. Ошол бала кезден калыптанган ой эми бышып-жетилип, аягы ушундай тасма жаратууга чейин жетти десем болот. Бул тасманын сюжети сегиз жыл ойлонулуп, анан ишке ашкан. Тасманын сценарийин жазууда көптөгөн оңдоп-түзөөлөр болду. Аягында Садык Шер-Нияз менен биргеликте ишке ашкан жазуу түрүндөгү 5-версиясы тасма болуп тартылды.

-Дагы тасма тартууну пландап жатсаңыздар керек. Эмки тасмаңар эмне тууралуу болмокчу?
-А: — Былтыр Маданият министрлигинин алдында Кинематография департаменти сынак жарыялап, андан менин «Эрмен жыты» аталышындагы долбоорум биринчи орунду алган. Былтыр бул долбоорго акча бөлүнүш керек эле. Бюджет аз болуп, бул тасма жарыкка чыкпай калган. Быйыл каражат бөлүнүп калса, буюрса, биздин дагы бир киношедеврге күбө болосуздар.

-Дайыма иш үстүндө, чыгармачылыкта жүргөн жубайлар кантип таанышып, бирге түтүн булатып калган?
-Т: — 2004-жыл болчу. Мен анда Бишкек финансы техникумунда окучумун. Анда Кыргызстандын жаштар клубу бар эле. Ошол жылы Көлдө активдүү студенттер үчүн лагерь уюштурулуп, Барскоонго барып калдык. Айбек болсо ал жакта уюштуруучу катары жүргөн экен. Уюштуруучу эле эмес, фотограф дагы болуп бизди сүрөткө тартып жүрдү. Мен сүрөттөрдү кантип алсам болорун сурап, Бишкекке келгенде байланышмакчы болуп телефон номерин, интернет почтасын алгам. Кийин шаарга келгенде чалсам мени такыр эстей албай, кайсы сүрөттөрдү жөнөтөрүн билбей коюп жолугууга туура келген. Ошентип, ортодо дагы кайсы бир себептерден улам жолугушууларыбыз уланып, мамилебиз сүйүүгө айланган. Ошондо жаш эле экенбиз, Айбек 25 жашта болсо, мен болгону 16 жашта болчумун.

-А: — Ошол сүрөттөр себеп болбогондо балким, жакындан таанышпай калмакпыз.

-16 жаштагы кыздын колун суроо оңойго турбагандыр?
-А: — Ооба. Досторум менен Барскоонго барып колун сурагам. Толкун Барскоондун кызы болот. Ошондо жай мезгили болуп, каникулда жүргөн кези болчу. Аны көл жээгине жолугушууга чакырып, кайыктын ичинде колун сурамакчы болуп досторум менен аябай даярдандык. Кайыктын ичине гүл төшөп, шам чырак жагып, кайыкта туруп алып колун сурасам: «Мен жашмын да, кандай болуп калат, ошону ойлондуңбу?»,- дейт. Мен болсо «эми учурга жараша жооп бере бер да, анан кийин чечип алабыз» дедим. Ошондо дароо эле макулдугун берген.

-Т: — Учурга жараша болгондо… биз сүйлөшүп жүрсөк, анан мен кантип жок деп айтам? Макул эле болгонум туура болду да. Ошентип эки жылдай сүйлөшүп жүрүп, мен 18 жашка чыкканда анан баш кошконбуз.

-Канча баланын ата-энеси болдуңуздар? Арасынан ата-энесинин жолун жолдочулары барбы?
-А: — Үч балабыз бар. Бир уул, эки кыз. Уулубуз Дастан 12 жашта, андан кийинки кызыбыз Татына 7 жашта, кичүүбүз Адеми 5 жашта. Уулум Дастан буту баса элек кезден тартып эле тасмада десем болот. Анткени ар кандай роликтерге, тасмаларга тартылып калчу. Азыр болсо колуна камера алып режиссёрлук, операторлук, монтажёрлук кесип кандай болорун изилдеп жүргөн кези. Келечекте мультфильм тарткым келет деп да айтып калат. Экинчи кызым болсо бий ийримине катышып жүрөт учурда. «Дарак ырынын» эпизоддоруна катышкан. Кичүүбүз Адеми «Дарак ырына тартылбай калдым» деп бир топко чейин ыйлап жүрдү. Бир күнү чоң апасы тамашалап, «ой, сен дагы тартылгансың, тээтиги боз үйдү көрдүңбү, ошонун ичинде экөөбүз отурбадык беле, унутуп калдыңбы?» десе ишенип, ошондон кийин ыйлабай калбадыбы.

-Кантип эс аласыздар? Деги эле эс алчу күнүңүздөр болобу?
-А: — Биздики ошол эс алуу жагы аябай чоң көйгөй. Кино тартуу учурунда эле барбасам, мисалы, мен атайын Көлгө барып эс ала элегиме 7-8 жыл болуп кетти. Тасма тартып жаткан убактарда эле Толкун экөөбүз көлдүн жээгинде сейилдеп, ошого эле ыраазы болуп калабыз.

-Кайда жүрсөңөр дайыма ээрчишип жүргөн болосуздар. Сиздер жумуш менен жүргөндө балдарыңарды ким карайт?
-Т: — Биз иш үстүндө болгондо балдарды кароо милдети чоң ата-чоң энесинин моюнунда. Анткени ата-энебиз менен чогуу турабыз. Алар «силер жашсыңар, иштешиңер керек, балдарды биз эле карап беребиз» деп бизге шарт түзүп беришкен. Андыктан, албетте балдарды ойлойбуз алыста жүргөндө, бирок чоң ата-чоң энесинин жанында болгонго көңүлүбүз тынч. Ал үчүн ата-энебизге рахмат айтабыз.

БУЛАК: Леди.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу