АИДА САЛЯНОВА 5 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

ЖКнын депутаты Аида Салянова 5 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Ленин райондук соту бүгүн, 10-октябрда чыгарды. Ошондой эле сот эл өкүлүнүн мүлктөрү конфискациялансын деди.

Бирок Аида Салянованын балдары 14 жашка чыкмайынча бул чечим күчүнө кирбей турган болду.

Белгилей кетсек, учурда депутаттын 2 жаштагы кызы бар.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал “юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан” деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу