Аида Салянова, экс-башкы прокурор: «Уланды өлтүрүүгө буйрук берген киши табыларына чоң күмөнүм бар»

Уланым… Бүгүн сенин туулган күнүң. Бул күндү дайыма чогуу өткөзчү элек. Бүгүн сен 44кө чыкмаксың.

Мээнетчил, калп айтып, ушак сүйлөгөн кишини жактырбаган, кенедейиңен күйүмдүү, тууганчыл элең. Мени билген киши болуп ушак таратып аткандарга туталанып, көпкө чейин бушайман болуп алаар элең. «Элең…» деп жазып жатып азыр дагы ишене албайм…

Инимди аткан Осмонкулов тоногонго үй издешпегенин, түз эле инимдин үйүнө барышканын айткан. Өлтүрүүдөн бир ай мурун МАИ кызматкери токтотсо «мен своймун, Саляновага каршы көрсөтмө берип жүрөм» деп кылмыш уюштуруучусунун айтканына карабай, саясый заказ жөнүндө материалдардын бир канча жеринде айтылганына карабай, «өлтүрүү каракчылык максатта болгон» деп ишти сотко бурмалап өткөрүп жиберген Д.Абдыкаров. Азыр ал жылуу-жумшак кызматта отуруп аткандан кийин, буйрук берген киши табыларына чоң күмөнүм бар.

Бирок Кудайым бар. Буюртма бергени дагы, бул ишти жөн гана каракчылык кылып сотко өткөзгөнү дагы оңбоорун билем. Анткени, эч кимге зыяны жок, бейкүнөө кетти. Уланды коркутуу аркылуу мага таасир этебиз деп ойлогон айбандар инимдин эр жүрөктүгүн, баласы үчүн өлүмгө барар мүнөзүн эсепке алышкан эмес. Азыр инимдин эки уулу үчүн Кудайымдан атасы көрбөй калган жакшылыктарды тилейм.

Сиздер дагы улуу орозо айында аларга дуба кылып койсоңуздар!

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу