Аида Салянованын «Элдик демилгеси» күч ала баштады…

Экс-депутат Аида Салянова 2016-жылы парламентте «той-аштарга чектөө киргизүү, ашыкча ысырапкорчулукту токтотуу» боюнча демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун токуп чыккан. Тилекке каршы ал учурда анын эл керегине жарактуу элдик демилгеси парламенттен колдоо тапкан эмес. Анын сыры деле жөнөкөй, бул мыйзам долбоору кабыл алынып калган күндөн тарта, мыйзамга ылайык той-аштардагы ж.б.у.с. иш чараларда ашыкча ысырапкорчулуктар азаймак же токтоп калмак. Ал эми бул мыйзамдын аткарылышы карапайым калкка оң таасирин тийгизгени менен парламенттеги кафе-ресторандарга ээлик кылган көпөстөрдүн купулуна толгон эмес. Алар карапайым калкты эмес, жеке кирешелерин ойлоп бул мыйзамдан быйтап кетишкен.

Албетте, бул мыйзам долбоору ишке ашып калса карапайым калктын капчыгы үнөмдөлүп, күнүмдүк турмушта татыктуу жашоого жана өздөрүнө керектөөчү заттарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрү талашсыз. Бүгүнкү күндө болжол менен ар-бир үй-бүлө той-аш маалында кошумча иретинде кеминде 50 миң сомдон жогору каражат коротушу мүмкүн. Ал эми той берген тарап кредит алабы, же карызданабы айтор бир же эки миллион сомдун тегерегинде чыгаша болот, ал эми тойдо түшкөн каражаты чыгымын жаппай калып, ар-кандай тагдырга дуушар болгон үй-бүлөлөр жок эмес. Бул ыкманы ийгиликтүү ишке ашырган коңшу өлкө Тажикстанда карапайым калктын жашоо турмушу кыйла оңолуп, экономикалык өсүш ыкчам ылдамтыкта кетип жатканы маалым.

Элдин камын ойлогон Аида Салянова бул мыйзам долбоорун акыры ишке ашырам деп белсенип турган чагы. Айтайын дегенибиз Аида Салянова ушул тапта белгилүү коомдук, саясий жана маданий ишмерлерден турган демилгечи топ түзүп, бул мыйзам долбоорун карапайым калктын колдоосу менен ишке ашырганга багыт алды.

Бүгүн, Бишкек шаарында Аида Салянованын демилгеси менен бул долбоорду талкууло багытында «тегерек үстөл» уюштурулду. Бул талкууга Каныбек Осмоналиев, Чубак ажы Жалилов, Орозбек Молдалиев, Канат Азиз, ж.б бир топ коомдук ишмерлер катышты. «Тегерек Үстөлдүн» жүрүшүндө бир нече маселелер талкууланып, сунуштар айтылды.  Юристтер Канат Азиз менен Кабылжан Мамажанов тарабынан дайындалган мыйзам долбоору көрсөтүлдү. Ал эми бул демилге парламенттен кынтыксыз колдоо алуусу үчүн мыйзам алкагында Кыргызстандын жети дубанынан он миң кол топтоо акциясы башталмакчы.

ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу