Аида Исмаилова, «Республика-Ата Журт» фракциясынын ЖК депутаты: «Энергохолдингди» жоюп, энергетика министрлигин кайра түзүү зарыл»

-Аида Жекшенбаевна, электрге тарифтер көтөрүлүшү мүмкүнбү?   — Кечээ жакында эле биз Нарынга барып келдик. Элдин талабы менен жылуулук-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин (ГАРТЕК) директорунун орун басары Миргүл Айдарованы, эксперт Расул Умбеталиевди кошо ала барганбыз. Ошол жерде чоң талкуу болду. Миргүл Айдарова элге чыгып, «жакын арада тарифтер көтөрүлбөйт» деп айтты. Бул би-ринчиден. Экинчиден, Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика маселесин талкуулап жатканда вице-премьер Кубатбек Боронов да менин суроомо «тарифтер көтөрүлбөйт» деп жооп берди. Бул сөз катталып калды, эми алар башкача айта алышпайт. Менин талаптарымдын бири — «Энергохолдингди» жоюп, энергетика министрлигин кайра түзүү зарыл. ТЭЦтеги авария боюнча ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экенин так билбей жатпайбызбы. Эгер энергетика министрлиги иштеп турганда, күнөөлүүлөр дароо эле табылмак. Анан «Энергохолдингге» кирген компаниялар — бул ар жөн эле ортомчулар. Электр компаниялар которгон акча тарифке жатчу. Анткени «Энергохолдинг» өзү ал акчаны иштеп таппайт. 2014-жылдан баштап 2017-жылга чейин тариф импортко байланыштуу 2 сом 16 тыйын болчу. Бул келишим жокко чыгарыл-ды. Орто мөөнөттүү тарифти кайра караш керек. Нарынга барганда Миргүл Айдарова «орто мөөнөттүү тарифтик саясат узартылды» деп айтты. Муну биз биринчи жолу угуп атабыз. Ошон үчүн мен келер замат запрос жазып, жообун күтүп атам. Качан, эмне себептен жана ким тарабынан узартылды? Эл 700 кВт/сааттык социалдык тарифти 2000 кВт/саатка чейин көтөрүп берүүнү суранышты. Мен бул боюнча да өкмөт мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.   — Тарифти көтөрбөй эле жоготууларды, коррупцияны жоюунун эсебинен бааны кармап турса болот да?   -Жогоруда айткандай, «Энергохолдинг» аябай эле кызык мекеме болуп атат. Булар өздөрү иштеп акча таппай, бирок, сатып алууларды аябай эле көп жасашат экен. Ошол боюнча мен өз изилдөөмдү жүргүзүп жатам. Андыктан, сиздин сурооңузга азыр конкреттүү жооп айта албайм. Менин каттарыма жооптор толук келип, анализ жүргүзгөндөн кийин өкмөткө «орто мөөнөттүк тариф саясатына киргизгиле» деп өз сунуштарымды жиберем. БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу