Аида айым акыйкатты айтты

Көптөгөн аткаминерлер мамлекеттик каражатты жеке кызыкчылыгына жумшоонун кынуусун алышкан. Алар министрликтер менен мекемелерге жетекчи болуп келээри менен бюджеттик каражатты жырып алат дагы, жазага тартылбастан уурдалган акчаны уучтаган бойдон бизнеске кире качышат. Ошентип алардын бизнеси мамлекеттик бюджеттен уурдалган акчага түптөлөт. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу