Азыркы бийлик кырдаалды өзгөртө албаса, экс-президенттердин кейпин киет

Акыркы учурда өлкөдө болуп жаткан жайдайларга караганда коррупция менен күрөшүү абдан курч жүрүп жаткандай. Мурунку экс-президенттин убагында бийликти чапчып жүргөн кызматкерлер эми өздөрү мыйзам алдында жооп берүүдөн кантип кутулуу жолун издеп турган учуру. Атамбаевдин учурундагы аткаминерлер камалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бирок күмөн маселе туулат? Коррупцияга аралашкан, мыйзамды одоно бузган ири чиновниктердин таанымалдары неге боштондукта жүргөнү шек жаратат. Кеп ошондо.

Мурунку генпрокурор Аида Саляновага Батукаевдин бошотулушуна салымы бар деген айып коюлуп камакка алынды. Эң өкүнүчтүүсү СИЗО №1 киргизилгени, болгондо да белгилүү кылмыш өкүлү таанылган адамга жакын жайгаштырылышы А.Саляновага жасалган опузабы, же коркунуч түзүп, анын эркин “сындырууга” жасалган атайын амалбы? – дегендер күн санап көбөйүүдө. Ал эми А.Салянованын кичинекей кызы бар экендигин, ден соолугу начарлагандыгын эске алып, ага баш коргоо чарасын өзгөртүү менен сурак жүргүзүү адамгерчиликке да, мыйзамга деле туура келмек. Мындай жагдайда окуяларга саресеп салган адамдардын бийликке болгон ишенимине доо кетирерин тергөө кызматкерлери билишпейби, же ушундай кырдаалды түзүүгө атайын жасалган аракетпи? Башкача көз карашта кароого мүмкүн эмес.

Ага мисал келтирели. А.Салянова өз учурунда КРнын баш прокурору болуп иштеди. Ошол учурда ал А.Атамбаевге эмнесинен жакпай калганынын себеби элге белгисиз калды. Анын сырын А.Атамбаев кийин өзү ачыкка чыгарды. К.Бакиевдин учурунда өнөктөшү болгон Ө.Текебаевдин камакка алынышын ачыктан ачык ишке ашырса, мурдагы оппозициянын көпчүлүк жетекчилерин куугунтукка алды. Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн адамдарды алгач жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардын кимиси саясий жана экономикалык жактан күчтүү программага ээ болсо, жалган жалаалар менен күч структуралары аркылуу “тарбиялоо” жолун тандады. Айланасына кошоматчыларды топтоп, алар аркылуу эртеңки күнү күчтүү атаандаштарын башка бирөөлөрдүн “колу” менен “тазалоо” жолуна түштү. Эң негизгиси, өзүнүн партиясы КСДПсынын атына жамынып, өлкөгө партиялык-бюрократиялык бийликти орнотту. Албетте, мындай учурда башка партиялардын күчтүү лидерлерине жок жерден айып коюу ыкмасын пайдаланды. Буга мисал, А.Салянованы келтирсек болот. Эл арасында анын үстүнөн козголгон айыптоолор иштеги кетирилген кемчиликтер үчүн эмес, анын КСДПга мүчө болбогондугуна байланыштуу атайын уюштурулуп ишке ашырылган жалаа катары көпчүлүктүн пикирин пайда болгондугун белгилеп кетели.

А.Атамбаевдин ошол кездеги үмүтү акталган жок. Азыркы учурдагы президент С.Жээнбеков анын жана КСДПнын жетегинде иш жүргүзүүдөн баш тарткан соң эми ага күчтүү өнөктөш керек болду. “Чөмүчтөп чачкан кадырын эми кашыктап чогултууга” аракетин баштады. “Медиа Форумга” чогулган СДПКчылар жана Атамбаев баштаган “Коррупция менен реалдуу күрөш” аталышындагы жыйында Атамбаев бир жактуу коррупция менен күрөшүү жүрүп жатканын айтып чыкты. Ал мурунку адатынча баарын балп эттирип, Батукаевдин иши боюнча Аида Салянованын күнөөсү жок экенин жар салды. “Батукаевди өлөт дегенге ишениптирмин”, – деп бул “операцияга” катышы бар экенин кыйыр түрдө билдирди окшойт. Эгерде, кылмыш чөйрөсүндөгү Батукаевди өлкөдөн чыгаруу кызыкчылыгына түздөн-түз, же кыйыр түрдө киришсе, кылмыш дүйнөсүндөгү адамдын өлкөдөн чыгарып жибергенге катышы бар катары А.Атамбаев дагы мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек эмеспи?!

А.Атамбаевдин ойлогон ой-максаттары ишке ашпай калганынан мурда, анын тынчын алган кандайдыр бир башка жашыруун сырлар да бар сыяктанат. – Анан дагы эң кызыгы А.Атамбаев Батукаевдин иши боюнча азыркы бийликте турган С.Жээнбековго күнөөнү оодаргысы келди көрүнөт. Батукаевден акча алган деген сөздөрүн “балп” эттирди. Жээнбековдун алдына азыркы жүргүзүп жаткан бийликке камоолорду токтотуу талабын да коё баштады. Ошентип, “эки дөөнүн жөөлөшүүсүнүн ортосунда” дагы нечендеген камоолор жүргүзүлө берет сыяктанат. Мунун артында өткөн кылымдын 30-жылдарындагы репрессия башталып кетеби деген зор коркунуч пайда болууда. Бул козголуп жаткан “кылмыш” иштери “репрессиянын” алгачкы башаты катары санасак болот. Бул ыкма А.Атамбаев аркылуу башталса, кийинки бийлик ээлери анын алгачкы этабындагы башка түрдөгү “чабак балыктардан” тазалоодон баштап, “акулаларга” тийише элек. Бул козголгон “кылмыштар” эскертүү формасы катары кабыл алсак болот. Эгерде КСДП саясий-шоу оюндарын уланта берсе, бийлик экс-генпрокурор Индира Жолдубаева жана экс-президенттин “башкы кеңешчиси” Фарид Ниязовдорду жоопко тартуу менен “акыркы эскертүү” бериши мүмкүн. Андан кийин “репрессия” күчөй берет. Натыйжада, бул кайрадан революциялык кырдаалды түзөт. Өлкөдөгү эң опурталдуу коркунуч ушунда турат.

Тактап көрөлү. Өлкөнүн келечеги – анын экономикасынын жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө көз каранды. Саясий-шоу оюндары күчтүү жерде экономикалык өнүгүү кескин төмөндөй турганын мезгил тастыктап берди. Азыркы бийлик реформалоо ыкмасын өзгөртүп, жаңы нукка буруп, элди жакырчылыктан алып чыгарып кетеби, же анын ордуна бу маселе көмүскөдө калып, айыкпаган эпилепциядай жайылган саясат оорусу өлкөнү чырмап алабы? Азыртан бийлик өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылып, түрдүү саясий маселелер менен алп урушпай, негизги максатты экономикалык жактан өнүгүүгө багыттай албаса, анда азыркы президент экс-президенттердин кейпин кийип калары алыс эмес.

Анара Өскөнова

Булак: «13-квартал»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу