Азимбек Бекназаров: «Күзүндө аткарылбаса кетсинге өтөбүз…»

-Азимбек мырза, Мухамбедкалый Абылгазиев парламентте уран кенин чалгындоого лицензия бергендердин атын атады. Ал муну эмне максат менен жасады? Же элдин башын айланттыбы?

-Мен Абылгазиевдин сөзүн кунт коюп уктум. Ал лицензия берген, лицензияны узарткандардын фамилиясын атаганы менен өзүнө-өзү каршы сүйлөдү. Ал чалгындоого лицензия бергендердин атын атаганы менен өндүрүшкө өкмөт уруксат берерин эстен чыгарып, «Топурак түрүндө бочкалар менен ташылат экен. Авария болсо да, жарылбай турган идиштерге салынып ташылып жатат»- деди. Ошондой эле Зилалиев уруксат берген дегени менен инвесторлордун да кызыкчылыгын карашыбыз керек деп айтып алды. Инвесторлордун кызыкчылыгы эч качан кыргыз элинин кызыкчылыгынан өйдө болбошу керек. Кыскасы, өздөрүнүн да кызыкчылыгы болгон үчүн Чубак ажыдан бери кен байлыктарды каздырыш керек деп айттырышты. Демек, жан далбастап жаткандарына караганда өздөрү да аралашкан. Мухамбедкалый Абылгзиев 2010-жылдан бери баланча министр кол коюптур дегени менен, ошол мезгилден бери өзү да өкмөттүн мүчөсү болгонун эстен чыгарбашы керек. Каңдай болгон күндө да, анын да жоопкерчилиги бар. Башка фамилияларды айтса эле өздөрү аппак болуп калбайт. Бирөөгө шылтап койсо эле жоопкерчиликтен кутулуп кетпейт. Премьер болсо да, жөнөкөй эле өкмөттүн мүчөсү болсо да, тарых алдында эл алдында жооп бериши керек.

Анткени, өкмөт коллегаялуу орган. Ошондуктан, кен байлыктарды өндүрүшкө коллегиялуу чечим менен беришет. Андай чечим жокпу сөздү башка жакка бурбай отставкага кетиши керек. Башкача айтканда, Өкмөт берген уруксаты жок, бирок кен байлыкгы казып жатышса, анда Абылгазиев отставкага кетиши керек. Анткени, казылып жаткан кенге өкмөт жооп берет. Уран казып жатса, кай жакты карап отурасыңар деп буларды айдаш керек.

-Мыйзамды да, Конституцияны да жакшы билесиз. Конституцияда эл тынчтык митингге чыгыш үчүн соттон уруксат сураш керек деп жазылганбы? Эмнегедир акыркы мезгилде ошондой жагдайлар орун ала баштады го?

-Конституцияда жарандардын тынчтык митингте чыкканга укугу бар экени жазылган. Бирок, соттон уруксат сураш керек деп эч жерде жазылган эмес. Болгону, «мынчасында бул жерде өткөрөбүз» — деп кат жазып, тиешелүү тараптарга кабарлап коюшу керектиги айтылган. Ошондуктан, жарандар Консгитуциядагы укуктарын бурмалантпай колдонушу керек.

-Сиз башында турган курултай кайсы бир деңгээлде бийликке жаккан чечимдерди кабыл алып берип, бийликке тымызын кызмат кылып жаткан жокпу?

-Биз жеке кызыкчылык үчүн эсептешип, бийлик менен соодалашып жаткан жокпуз. Каңдай маселе болбосун, элдин, мамлекетгин кызыкчылыгын жогору коюп, бийликке катуу талап коюп, өкмөттү, Башкы прокурорду, Жогорку Кеңешти катыра сындап жатабыз. Бийлик тараптан курултайчыларга баштагыдай тоскоолдук жаралбай, ачык асмандын алдында эмес, жабык имаратта гана өткөргүлө деген талап коюлду.

-Курултайдын негизги максаты Атамбаевден өч алуу эмеспи?

-Андай эмес. Акыркы мезгилде саясаттын өзү өч алуудан өйдө болбой калды. Ошон үчүн алты жылдан бери Атамбаевге гана асылып, аны гана согуп калышты. Өкүнүчтүүсү, саясат өч алуудан өйдө боло албай, келечектин маселеси көз жаздымда кала баштады. Ошон үчүн майдаланбай, улуттук идеяларды көтөрүп, улуттук жана мамлекеттик маселелер менен гана алек болушубуз керек. Антпесек саясатчылар да, башкалар да майдаланып, арзыбаган нерсени чоң маселеге айлаңдыргандан өйдө боло албай калдык. Майда барат маселени жыйыштырып, улуттук маселелерди көтөрүп, улуу максаттарга багыт алып, келечек үчүн оппозиция, позиция болушубуз керек.

Мына ушундай жагдайды эпке келтирүү үчүн Конституцияны Референдум жолу менен өзгөртүүнү сунуштап жатабыз. Анткени, Баш мыйзамды өзгөртмөйүн ошондой куугунтук, өч алуу токтобойт. Президенттер кызматтан кетсе эле шыбаган адатка айланат. Ошон үчүн Референдум менен Конституцияны өзгөртүп, бийлик алге отчёт бере турган кылышыбыз керек. Ошондо гана саясий куугунтук токтойт. «Кумтөр» Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт, урандар казылбай, жырткычтардан, канаттууларга чейин аң уулоо токтойт, элдин талабы, мамлекеттин кызыкчылыгы жогору болот. Башкача айтканда, эл бийликтин ээси экенин сезет, түшүнөт. Мындай кадамдарга барбасак, саясатчылар майдаланып, улут дегредация болуп баратат. Өзүбүзгө келип, улуттук маселелерди жогору койбосок, кен байлыктарды казганга алыбыз жетпей, чек ара маселесин чечкенге мүмкүнчүлүгүбүз жок болуп, Россиясыз оокатыбыз өтпөйт, орус тилисиз жашай албайбыз деп отуруп калабыз.

-Айтканыңызга ынаналы, бирок, бийлик Курултайдын чечимдерин эске албай, маани бербей койсочу?

-Бийлик андай жолго барса, биз анда бийликке кошумча убакыт бербей  эле бийликтин отставкасын талап кылабыз. Тагыраак айткаңда, күзүндө талаптар аткарылбаса кетсинге өтөбүз. Анткени, бийликке эки жолу шанс бердик. Эгер бу сапарда маани бербей койсо, бийликти күч менен эмес, тынчтык жолу менен кетиребиз. Жалпы элдик курултай менен бийликтин тагдырын чечип, анан жаңы бийлик бутагын курайбыз.

-Сөзүңүзгө аралжы, эгер Референдум аркылуу Конституция өзгөрө турган болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, президент бийлигин күчтөп албайбы?

-Биз биринчи жолу элден кандай башкарууну жактырасың, бийликтин эл алдында отчёт бергенин каалайсыңбы, кандай шайлоо керек деп сурайбыз. Тагыраак айтканда, Конституцияны элдин тандоосуна жараша жазабыз. Мурдагы президенттер 12 жолу Референдум өткөрүп, муну колдоп бербесе, биз биринчи жолу элдин тандоосун сурайбыз.

Анткени, Конституция оңдолмоюн ушул жагдай улана берет. Башкача айтканда, кен байлыктар казылып, коррупция гүлдөп, карга карганын көзүн чукубаган процесс улана берет. Ошон үчүн биз элдин аң-сезимин өзгөртөлү деп жатабыз. Антпесек добуш берип шайлаган депутатың элдин эмес, партиянын же Президенттин депутаты болуп калды. Ошон үчүн партия эмес, адамды шайлай турган мүмкүнчүлүк беребиз.

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу