Азимбек Бекназаров:“Россиянын курамына кирдик деп жыргашканы менен мен мындай саясатка каршымын”

Азимбек Бекназаров менен Россия менен бекемделген мамиле жана Бабанов тууралуу сүйлөштүк.

-Азимбек агай, Путин Кыргызстанга келип кеткенден кийин Кыргызстандын саясатын Кремл аныктаарын Россиянын басылмалары ишенимдүү жаза башташты. Бул нерсе Россияга баш отубуз менен баш ийебиз дегенден кабар бербейби?

-Чынында эгемендүү мамлекет болуп туруп, ушундай абалга жеткенибиз, орустарга жагынуу саясатын улантып жатканыбыз чыны менен уят. Бар байлыгыбыздын баарын Россияга берип отуруп, сырткы саясатты да Путин аныктаган абалга кептелгенибиз жетишкендигибиз эмес, алсыздыгыбыз.  Куловго окшогон киргиздер  Россиянын  курамына кирдик деп жыргашканы менен  мен мындай саясатка каршымын. Биз орустардан улуу элбиз. Улут катары да алардан  мурун калыптанганбыз. Биз улуу эл экенибизди унутпай, күнкөр болбой, өз оокатыбызды өзүбүз кылып, орустардан кол үзбөй бирок, алардын колун карабай  өзүбүзчө жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Эгемендүү мамлекет, эгемендүү экономика, эгемендүү коопсуздук түзүүгө жетишишибиз керек. Бирөөнүн колун караган мамлекет эч качан өнүкпөйт.  Биз орустарга энергетика секторун, газды бердик. Газды бир долларга сатып алып,  баасын 11 сомдон 16 сомго көтөрүп койду. Аларды аны-муну куруп жатат деп мактаганыбыз менен  чынында алар биз газга төлөгөн эле акча менен куруп жатышат го.  Ошону сатпай эле өзүбүз эле курсак болот эле го. Жер үй кенин берип, 600 миллион доллар төлөйт деп кубанып жатабыз. Чынында кенди деле өзүбүз каза турган мезгилге эбак  жеткенбиз. Ага болбой эле колунан эч нерсе келбеген кишидей болуп, ырыстуу нерсенин баарын орустарга карматып, аларга көз карандылыгыбызды күчөтүп жатабыз. Бул туура эмес.  Мындай саясаттан качышыбыз керек.

-Баса, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Камчыбек Ташиев баш болуп Бабанов келет деген маалыматты ишенимдүү айта башташты. Бирок, Бабанов коркок, анын Кыргызстанга келгенге духу жетпейт дегендер да бар. Бул боюнча не дейсиз?

-Бабанов Кыргызстанда жакшы эле көптү. Байыды, жыргады, парламентте отурду, премьер-министр болду. Аны келет дегенден мурун, Кыргызстанга эмне кылды деген маселени да эске алыш  керек. Эсиңерде болсо “Жер үйдү” Бабанов ортомчу түшүп, арзыбаган каражатка  саттырган. Инструментальщик стадионун  бекер менчиктеп алып, Азия моллду куруп алды го. Бүгүн аны Кыргызстанга кылган эмгеги эмес, анын акчасы  дүңгүрөтүп жатат. Кыргызстанда кимдин телевидениеси, басма сөз каражаттары болсо эле  ошол киши баатыр болуп чыга келет. “НТС” Бабановду баатыр кылып жатат. Чынында баатыр, кыйын киши өлкөдөн качпайт. Ал кандай болгон күндө да качып кетпей, камаса камалып , ак экенин далилдеп чыгыш керек болчу. Кыргыз саясатчылары кара башын калкалап качып кетип, анан ошол жактан баатыр болуп келгиси келет. Бүгүн Акаев, Бакиев, Мырзакматов, Бабанов Кыргызстанга баатыр болуп келгиси келип жатат. Эгер баатыр болсоң качпа. Текебаевге, Бектур Асановго, Тургуналиевге,  Кадыровго окшоп отур. Качып кетип, башка өлкөнүн бийлиги менен ортомчулар аркылуу  сүйлөшүп алып,  мени аэропорттон тосуп алгыла. Мен мынчасында барам. Эл топтогула деген саясатчынын эмес, соодагердин иши.

-Бизнесмендер камалса жогору жактагылар анын бар байлыгынын  тартып алган жагдай өкүм сүрөт дешет.  Бабановду жакшы билгендер  байлыгын коргош үчүн да, Кыргызстанга келбейт деп жатышат го…

-Бабановдун саясаты жок. Бирок,  байлыгы бар, Ал бийлик менен байлыгы менен эсептешет. Байлыгын баласынан да жакшы көрөт. Ал нерсе  Бабановго эле эмес, бардык бай жана бизнесмендерге да таандык сапат. Ал байлыгын тарттырып жибергиси келбейт. Анткени, байлыкты топтош үчүн  ал  канча эмгек кылды. Бабанов бир нерсени эске алышы керек. Ал  саясат менен бизнести аралаштырбаш керек. Чынында саясатты жүрөгү, каны таза адамдар кылат. Сооданы башка адамдар кылат. Сатат, сатылат. Ошондуктан,  Бабанов  бизнес жагына ыктап, саясатты унутса өзү үчүн да пайдалуу  болмок.

-Бабановдун тарапташтары Бабанов президент менен бириксе, президентке аброй алып келет деген ойлорун айтып жатышат го…

-Азыркы бийликтин кемчилиги деп мен курултайда мына ушул маселеге  токтолгом. Ушуга окшогон кишилерге бийлик кылмыш ишин ачып коюп карап отурбай мыйзам  боюнча соттотуш керек же кыскартыш керек. Азыр ошондой адамдардын көбү депутат болуп отурат. Кылмыш ишин козгоп коюп, ишти токтотуп коюшкан. Бабановдун кылмыш иши бар болсо, соодалашпай эле соттошушу керек. Же болбосо ишин кыскартып ишиңди кыл деш керек.

— Бабановдун кадры КТРКга жетекчи болгондон кийин эле Бабнов Кыргызстанга инвестиция тартат. Бийлик ошого мүмкүнчүлүк бериши керек деген сөздөр коомчулукта  айтыла баштады. Кыргызстандан качып кеткен саясатчылар инвестиция тартып келсе, аларга жеңилдик берсе болобу?

-Инвестицияны алар тартпайт. Алар ортодогу далдалчылар. Алар ортодо акча көргөндөр. Инвесторлор Кыргызстандын мыйзамдарына карап келиши керек. Инвестор биздин президентти же депутатты же сотту карабашы керек. Инвестор Кыргызстандын мыйзамына карап келиши керек. Мыйзам менен жашап. Мыйзам менен иштеп мыйзам менен кетиши керек. Кайсы бир саясатчыга таянбашы керек.

Чынында Кыргызстанга тыштан келген инвестордун кереги жок. Кыргызстандын ичинде толтура инвестор бар. Мисалы,  Бабановдун өзү инвестор. Ал стадионду бекер алып, Азия моллду курганы  үчүн ал Кыргызстанга инвестиция төлөшү керек. Жерлерди, имараттарды бекер менчиктештирип алган толтура депутаттар бар. Биз ички инвестицияны издешибиз керек.  Анан кайсы бир саясатчы же Бабанов инвестиция алып келет деген куру саясатка ишенбешибиз керек. Чынында алар биздин байлыкты эле коюп, каражат алып жатышат. Далдалчы болгондор  ортодо өздөрү байып жатышат. Бажановду алып келгени үчүн Бабанов байыды. Путин  болсо, “Жер үйгө” 600 миллион доллар берилери  тууралуу сөз кылды. Анда 500 миллиону кайда кетип калды деген суроо жаралат.

Чынайым Кутманалиева,

“Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу