Азиз Батукаевдин иши боюнча мурунку вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды

Баракелде —  Бүгүн, 21-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, сурак берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

———————————————

Буга чейин мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеванын камакка алынышы боюнча ИИМдин басма сөз кызматы расмий маалымат тараткан. Д.Сагинбаева «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулуп, чет өлкөгө чыкканына байланыштуу кылмыш иштин алкагында 14-майда суракка чакырылганы маалымдалган. Кийин камакка алынганы белгилүү болгон.

ИИМдин билдирүүсүндө: «Мурдагы саламаттыкты сактоо министри С.Д. менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалды. Башкы прокуратура ИИМдин тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А.Батукаевге “курч миелобласттуу лейкоз (М2-вариант)” диагносун коюп, аны тактоочу далилдер жасалма даярдалган.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ А.Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкоз (М2-вариант)” диагносун жокко чыгарып, диагносту тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э. жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү деп аныкталган. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу чарасы тандалган.

А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен ЖАМКтын медициналык жумушчусу Ф.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Б.К. жана А.А. аттуу шектүүлөргө карата сот тарабынан сыртка чыкпоо бөгөт чарасы, А.Ф. аттуу шектүүгө карата 2 айга камакка алуу чарасы тандалды.

Андан сырткары, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри С.Д. менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалды. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар коррупцияга, документтерди жасоо иштерине катышууга жана кызматтык жасалмалуулукка айыпталууда.

Кылмыш иш боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат», — деп айтылат.

Булак: АкиПресс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу