Азизбек Турсунбаев, ЖК депутаты: “ЖЭБ боюнча жемкорлор камалсын”

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуу улантулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышып жатат.

Талкууда ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев, “Бир дагы депутат ЖЭБ боюнча канаттандыраарлык жооп алган жокпуз. Комиссияга рахмат, мен комиссиянын колдоймун. Бул жерде эч ким күнөөсүн моюнга албай сүттөй ак болуп  жатат. Буларды бул жерге чакырып кереги бар беле. Алынган карыздарды эми кайтарабыз. Бир кесиптешим айтып жатат, “элдерден чогултабыз” деп, эч кандай карызды эл төлөбөшү керек. Өздөрү төлөсүн. Эми укук коргоо органдары президент коррупцияга каршы күрөшүүнү баштады. Тергөө органдары сиздер ишенимди колдоп бериңиздер. Жемкорлордун мүлкүн, өздөрүн убактылуу арестке коюп, эгер алар күнөөлүү болбосо кайра кайтарып берүү керек. Ошондуктан уурубу түрмөгө олтурсун! Мен өтө суранам, эгерде мурадагыдай кылып тааныш-билиштик кылсаңар, анда эл кечирбейт. Күнөөлүүлөр камалсын, жегендерин кустуруу зарыл”, — деди депутат.

Эске сала кетсек, 26-январда ЖЭБ аварияга учурап, жыйынтыгында 7 адам камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу