Азамат Уланов, актёр: «Бир жуманын ичинде 60 миң күйөрман пайда болду»

Актёр, куудул, тамашоучу Азамат иним менен чакан маек кылдык. Ал «Три лимона», “Бир тууганчик», «Сен эмне кылмаксың», “Апамды издеп» ж.б. кинотасмаларда катышып, кейипкерлердин образын мыкты ачып келген. Үч бир туугандын кенжеси. Үйдө жалгыз эркек бала, эки эжеси бар. Мындан биp ай мурун он сегизге толду. «5-класска келгенче мүнөзүм токтоо болсо, азыр асман менен жердей айырма бар» дейт.

-Азамат, куудулдук, тапкычтык жагың ата-тегинде барбы, сөздү ушундан баштасак?

-Өз ата-энемден андайды ушу кезге чейин байкаганым жок. Мен деле 5-класска киргенге чейин эч бир бейбаштыгым билинбеген, тынч, токтоо бала болчумун. КВНге кирдим, ал жерде сахнада ойнош керек экен, образды ачуу үчүн изденип жүрүп, капыстан эле катуу уйкуда жаткан талантымды ойготуп алган окшойм. Ал талант мүмкүн атамдын аталарында апамдын апаларынан бери кан аркылуу келаткан «чымындыр»…

-Сага тамашоучу жагы жакынбы же актёрлук жагыбы?

-Ар бир экинчи адам актёр боло бербейт. Анын өзүнүн тоодой түйшүгү бар. Ошол эле учурда кылган эмгегиң үзүрлүү болуп, көрөрмандар жогорку баасын берип турса, жашоодо андан өткөн рахат жоктой сезилет. Тамашоунун уландысы, кийинки тепкичи актёрлук деп эсептейм. Мага актёрлук жагы жакын. Жандилиң менен берилип, ошо чөйрөгө баш-отуң менен кирип ойногонго не жетсин?

-Кадр артында да кызык нерселер көп болот эмеспи. Биз бери жагын эле көрүп алып жыргап жүрөбүз…

-«Апамды издеп» тасмасын тартып атабыз. Шаардын четинде маймыл менен жакшыы бир кадр бар. Лос-Анжелестеги күндүн ысыгын сөз менен жеткирип бере албайм. Кайнайт, күн жонубузду куйкалап атат, суусаганыбызды айтпай эле коеюн. Маймыл болсо тапшырма берсең аткарбай жаныбызды кашайтат дейсиң.

Адам болсо акырын айтып «тигиндей кыл, мындай кыл» демекпиз. Болбосо кыйкырып, урушуп, сөгүп-сагып ийесиң. А маймылга кыйкыра да албай, сөгө да албайт экенсиң. Анан эмне кылабыз, ошончо сүрмө топ адам бир кичинекей маймылдын кылыгына чыдап отурдук да күнгө куйкаланып.

– Учурда эмне иш менен алексиң?

– БГУнун экономика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө кирдим. Кино жаатында «Брат» жана «Брат-2» кинотасмаларына тартылып бүтүп, жеке бизнес чөйрөсүндө далбас уруп жүрөм.

– Инстаграмда канча катталуучуң бар, инстаграм сен үчүн?

– Инстаграм мен үчүн менин жашоом, жумушум. Инстаграм аркылуу акча табам. Ата-энемди багып, эки эжеме каралашып турам. Соцтармак аркылуу мага «ушуну рекламалап койчу» деп сунуш кылып жазышат. 200 минден ашык катталуучум бар. Алар менин Инстаграмга салган ар бир ролигимди, сүрөттөрүмдү, жарнаманы карап турушат.

– Инстаграмда катталуучуларың көп болуш үчүн эмне кылыш керек?

– Коммерциялык сыр… тамаша (күлүп), анүчүн биринчи кезекте Инстаграмга катталуу абзел. Экинчиден, күн сайын бирдемке киргизип туруш керек. Алар абдан кызыктуу болушу шарт. Кайсы гана аудитория болбосун, баарын камтыганы оң. Катталуучулары көп болууну самаган адамдын стратегия, тактикасы болсо жакшы. Меники ар бир киргизген ролигим күлкүлүү. Көргөн адам сөзсүз жылмаят, күлөт, рахат алат.

– Кайсы бир учурда сеники 20 миңдей эле болчу. Анан эле…

– «Апамды издеп» кинотасмасынан кийин көбөйүп кетти. Бир жуманын ичинде 60 миң катталуучу чогулткан учурлар болду.

– Келечекке көз чаптырып көрчү, горизинтто эмне көрүнүп атат?

– Келечекте өзүмдү ийгиликтүү бизнесмен катары көрүп атам. Эки эжем турмушка чыгат. Үйдө апам, атам менен мен калам. Аларды багуу менин мойнума милдеттүү түрдө жүктөлөт. Жогоруда айткан бир бизнесиме алымсынган жокмун. Дагы бир бизнес ачыш керек болуп атат. Албетте, кино жааты четте калбайт. Актёрлукту жеткиликтүү өздөштүргөндөн кийин режиссер болуп, кино тартсам деген оюм бар.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу