Азамат Жаманкулов: Сыйлык сурап келбеңиздер

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун жалпы жарандык коомчулукка  кайрылуусу:

Бүгүнкү күндө жалпы маданият тармагында  жасала турган иштер арбын. Алсак,   кыргыз  элинин тарыхый-маданий жана рухий мурастарын сактоо менен маданият жана искусство, кесиптик  классикалык музыкадан баштап, элдик чыгармачылык чөйрөсүн өнүктүрүү, калктын ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына аралашуусу үчүн шарттарды түзүү, туристтик сектордо көрсөтүлүүчү   кызматтардын сапатын жогорулатуу, Кыргызстандын  туристик потенциалын көтөрүү жана эл аралык аренага Кыргызстандын кадыр баркын калыптандыруу вазийпасы эң негизгилерден болуп турат.

Алдыда жалпы маданият тармагында аткарыла турган көптөгөн иштер  турат. Жалпы маданият  тармагында  көйгөйлөр да жок эмес, аны   жоюу үчүн болгон күч аракетимди жумшоого аракет кылам.

Биз улутубуздун улуулугун, тарыхыбыздын тактыгын, руханий байлыгыбыздын,  унутта калып бара жаткан улуттук каада – салттарыбызды маданиятыбыз менен гана тааныта  алабыз. Бул үчүн маданият тармагында эмгектенген ар бир кызматкер өз салымын кошуусу керек. Муну менен катар, маданият тармагындагы эмгектенип жаткан ар бир кызматкер өтөгөн кызматы, маданият тармагына кошкон салымы үчүн өзүнүн баасын алышы керек.

Бүгүнкү күндө министрликке  келген жарандардын 90 пайызы  наам, сыйлык алуу маселелери  менен келип жатышат. Бул көрүнүштү токтотуубуз  керек.  Жалпы жарандык коомчулуктан: “Мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңөрдү суранам”.  Андыктан, аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн эске алып,  маданият тармагында жасалып жаткан иштерге көмөк көрсөтүп,  мага арка бел болууга чакырам”- деп билдирди Азамат Жаманкулов.

Министрлик өз компетенциясынын чегинде сыйлыкка келип түшкөн документтерди коллегия курамы менен карап, процедура боюнча мамлекеттик сыйлыктарды кароо боюнча катчылыкка жөнөтөөрүн белгилеп кетким келет.

Эске салсак, акыркы кезде маданият министрлигинин дарегине социалдык тармактагы активдүү колдонуучулар жана жарандык коомчулук тарабынан  мамлекеттик сыйлыктардын берилиши тууралуу бир катар сын пикирлер айтылып келгендиги маалым деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу