Азамат Жамангулов, КР маданият, маалымат жана туризм министри: “Маалымат айдыңында куралсыз согуш, эрежесиз уруш күч алууда”

– Азамат мырза, соцтармактардагы фейктер күч алды. Эл кайсы маалыматка ишенерин билбеген кызыктай учурга кептелдик…

– Бизде азыр интернеттин өнүгүп турган учуру. Алгач Фейсбук, Твиттер ж.б социалдык тармактар ачылганда дүйнө жүзүндөгү элдин баары кубанган, «сөз эркиндиги болот, баары ачык-айкын айтылат, эч ким көзөмөл жасап, кысымдар, сөз эркиндигине болгон ар кандай чабуулдар болбойт» деген ойдо болушкан. Бирок, акыркы убактагы дүйнө жүзүндөгү тенденцияны көрүп жатабыз. Социалдык тармактар Америкадагы шайлоо иштерине кийлигишип, Америкадагы окурмандардын баарын бир нукка буруп коё турган чоң күчкө айланды. Бул күчтү колдонгон адам өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуп койгонго мүмкүнчүлүк болуп жатат.

Дүйнө жүзү боюнча “жалган маалыматтар” деген түшүнүк чыкты. Ким жалган маалыматты биринчилерден болуп таркатса, элдин баары ошого ишенип, коомдук пикир пайда болуп калып жатат. Биздин аймактарга, алыскы айылдарга да азыр интернет жетип калды. Биринчи келген маалымат элдин пикирин өзгөртүп коюуга мүмкүнчүлүк жаралууда. Кийин төгүндөйсүңбү, башка маалымат айтасыңбы – мааниси жок болуп калган учурдабыз. Учурда дүйнө жүзүндөгү баардык өлкөлөр жалган маалыматтар (фейкнь-юс) менен күрөшүүдө. Анткени эл би-ринчи эле чыккан маалыматка ишен-беш үчүн факт ресурстарын карап, ошол маалымат чынбы-жалганбы да-лилин аныктап, анан өздөрүнө кабыл алсын деген түшүнүктөр пайда болду.

– Фейктер кандай каржыланат, маалыматтар барбы?

– Албетте, каржы кызыкчылыгы бар. Фейк аккаунттарын кээ бир күчтөр жасап алып эле өздөрүнүн көмөчүнө күл тартып, алар аркылуу пикир жаратып жатышат. Фейк аккаунттарды колдонуп, бирөөнү жамандап, жалган маалыматтарды таратышууда. Буга эл ишенип калууда. Бул – интернеттеги, маалымат айдыңындагы согуш. Бул согуштун эрежелерин аныктап чыга турган мезгил келди. Анткени буга чейин стандарттуу массалык маалымат каражаттарынын айдыңында эрежелер, журналисгикалык этика бар болчу. Ал эми азыркы учурда баары жокко эсе болуп аралашып калды. Мындайча айтканда, маалымат айдыңында куралсыз согуш, эрежесиз уруш күч алды. Мунун баарын эрежеге салып, «согуш болсо да эрежеси менен болсун» деп азыр бул нерсе талкууланууда.

– Жалган маалыматтарды жеңе турган жаңы жагдайлар барбы?

– Бизде учурда элибиз маалыматтарды текшерип анализдей турган абалга жете элек. Кандай маалымат чыкса, ошого ишенип калуу мүмкүнчүлүгү көп. Өзгөчө региондордо мындай абал курч. Башка мамлекетгердин практикасын азыр карап жатабыз, буюрса бул жагдайлардан да чыгабыз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу