Ажы Канат бакылдайм деп балээге калды…

Өткөн аптада ШКУнун саммита болгону жатса биздин “чимкирик” эл өкүлдөрүбүз экс-президент Атамбаевдин 8-июндагы сөзүнө теригишип, жалпы жыйында жалпылап Атамбаевге жооп беришти. Ошол чычалагандардын бири кадимки Канат Исаев Жогорку Кеңештин борбордук трибунасына чыгып, өткөн кеткенден кеп салып, “партиялык тизмени Атамбаев түзгөн, айрым ОПГларды ошол депутат кылган”-деп чоң муштум кесиптештеринин чарбагына таш ыргытып, катуу бакылдаган эле. Дал ошол күнү сөз болгон Бакыт Жетигенов Канаттын кабинетине кирип, оозу-мурду канжалап, жан соогалап жатып калганча токмоктоптур. Ошондон бери эдиреңдеген Канат мышык сопу болуп, дайнын билгизбей жок.

БУЛАК: Факты. кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу