Ажырашуунун көбөйүүсүнүн себеби эмнеде?

Акыркы убактарда канчалык үй-бүлө куруп, түтүн булаткандардын саны көбөйсө ошончолук ажырашуунун да саны көбөйүүдө. Мунун себеби эмнеде деген суроого жооп издеп көрсөк.

Ар бир бойжеткен кыз же боз улан бала өз теңин таап, жашоодо бактылуу болгонду каалайт. Ата-эненин тилеги да ошол. Бирок баш кошкондордун бир жыл толуп толбой жатып, ажырашып жаткандар көп кездешүүдө.

Себебин уксаңыз, бир кезде сүйөм-күйөм деп кошулган эки жаш бири-бири күнөөлөйт. Жеке алып карасаңыз, экөөнүкү тең жөн сыяктуу. Мындайда бир нече жупту алып, изилдеген туура сыяктуу. Тактап айтканда кандай аял күйөөсүнө кымбат? Же болбосо тескерисинче.

Сүйүү – үй-бүлөнүн негизи. Ошенткен менен аны жөлөп-таяпган тирөчтөр көп болуш керек. Мисалы, боз үйдү алып карасак. Түндүгү жок үй болбойт. Түндүк – үйдүн көркү, баардык кереге ууктардын башын кошуп, кармап турган негизи болуп саналат эмеспи. Сүйүү да ошол сыяктуу. Сүйбөгөн жандар үйлөнүп, бактылуу боло алышпайт. Албетте биздин мурунку ата-апаларыбыз башкача айтышат чыгаар. Ошол ата-апаларыбыз түндүгү эмне болгон?

«Алган жары жакшы болсо кара жигит ак болот» демекчи, эгер жигиттин алган жары мээримдүү адам болсо, «Жылуу-жылуу сүйлөсөң, жылан ийининен чыгат» деген макал мисал боло алат.

Жалпы кыргыз элинин макал-лакаптарын талдап отуруп үй-бүлө куруунун эрежеси камтылганын көрө алабыз. Мисалы, «Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?«. Бул макал көп айтылып жүргөндүктөн, баарыбызга абдан тааныш, кулакка сиңимдүү жесек жаңылышпайт чыгаарбыз. Бирок «Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө жок» дегендей, тез эле таарынычтар жазылып турат. Ал эми бири-бирин кечире албагандар, албетте ажырашат. Кечиримдүү болууну кичирейүү, жеңилип калуу деп түшүнүү орду толгус өкүнүчкө алып келип согот.

Ажырашуунун дагы бир себеби каржы маселесине байланыштуу. Жашоосун эми баштаган жаш үй-бүлө ээлери колундагы акчасын туура жумшаганды билбегендиктен да уруш-кериш чыгат.

Үйлөнгөндөр же үйлөнгүсү келгендер “Жакшы аял жаман эркекти хан кылат» дегенди эстен чыгарбаган оң. Себеби бойдок, башы бош ар бир жан «мен милдеттүү түрдө бактылуу болом, эч качан ажырашпаймын» деп ойлонуш керек.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу