Ажылыкка каттоо узартылбайт

Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, Ажылыкка каттоо узартылбайт.

Маалым болгондой, арыздарды жана төлөмдөрдү кабыл алуу токтотулду. Натыйжада электронндук кезекке 4 миң 924 адам турду.Жалпысынан Сауд Арабиясы 4 миң 585 орун берген.

Белгилей кетсек, артыкчылыктарга арыздарды жана төлөмдөрдү биринчи тапшыргандарга берилет.

Мындан тышкары, сапардан баш тарткандар болсо, 400 доллардык күрөөсү кайтарылат.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу