Ажылыкка баруу үчүн 7391 адам катталды

2019-жылы Ажылыкка баруу үчүн каттоого алынган жарандардын жалпы саны 7391 адамга жетти. Бул тууралуу Мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Каттоого алынгандарды басымдуу бөлүгү Ош областынан болуп, 2 522 адамды түздү. Быйыл Нарындан 59 киши Ажылыкка аттанган. Белгилеп айтканда, Жалал-Абаддан 1603, Чүй областынан 1032, Баткен 698, Таластан 80, Ысык-Көлдөн 86, Ош шаарынан 741, ал эми Бишкек шаарынан 570 жаран Ажылыкка барууга ниеттенген. Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстанга 5485 орун берилген.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу