Адил Турдукулов, КСДПчы: “Мен КСДП партиясында 2004-жылдан бери биргемин”

—Адил мырза, сиз КСДПга кадам аттагандан бери ар кандай пикирлер айтылууда. Аталган партя менен качантан бери иштешип келе жатасыз?

—Мен КСДП партиясында 2004-жылдан бери биргемин. Бул партия “Ата-Мекен” сыяктуу эле калк менен системалык деңгээлде иш алып барат деп эсептейм. Ар бир айылда, ар бир алыскы аймакта бул саясий бирикменин филиалдары бар. КСДП оппозициялык мезгилинде бир топ ийгиликтүү эле.

—Аталган партиянын ичинде кандай жаңылануу болуп жатат?

—Азыр деле жаман эмес, болгону ички тазалануу болуп жатат. Партияда чыныгы социал-демократтар калышат. Алар идея үчүн жана өлкөдө парламентаризмдин орношу үчүн күрөшөт.

—Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди буга чейин сындап келгенсиз, азыр мамиле тыгыз экени көрүнүп турат?

—Мен экс-президенттерди катуу сындагандардын бири болчумун жана ал сөзүмдөн азыр да кайтпаймын. Бирок Атамбаевдин парламенттик республиканы ишке киргизип жана президенттик, парламенттик шайлоолорду өткөргөндүгүн белгилей кетүү керек. Андан сырткары, ал президенттик кызматта көбүрөөк туруу үчүн Башмыйзамды өзгөрттү. Менин оюмча, бул Кыргызстандагы да Борбордук Азиядагы да маанилүү демократиялык окуя.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу