Адил Турдукулов, коомдук ишмер: «Коомчулукка Жапаров менен Текебаевдин, сыртта жүргөн Мырзакматовдун позициясы кызыктуу»

— Адил мырза, 17-мартта Атамбаев «Форумда» Аксы окуясынын 17 жылдыгына мал союп, куран окутат экен. Ошого катар митинг болуп, катуу сөздөр айтылары болжонууда. Бул саясый кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?

-Аксы окуясы эки революциянын башаты, анын себеби болуп келген. Ошол окуялардын башында турган Атамбаев муну эстеп, саясый иш-чара өткөзүп турганы -анын адамдык парзы. Албетте, Атамбаев мында өз күчүн, элди чогулта ала турганын баардык тараптарга көрсөтүүгө ниеттенип турса керек. Чогулган адамдар үчүнчү жолу тополоң кылып жиберүүгө ишенбейм, анткени, ал үчүн революциялык кырдаал жарала элек. Атамбаев 17-мартка чейин Бекназаровго кол сунуп, бир кепке келсе эп болмок, себеби, Бекназаров да муну эски досунан күтүп турганы мага байкалды.

— Коррупцияга шектелишкен Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Дүйшөнбек Зилалиев, Икрам Илмиянов жана башка жаңы бийлик учурунда камалгандардын соттук иштери ачык өтүшү керекпи? Ачык сот болбосо «саясый куугунтук» деп айтып чыгышпайбы?.

— Кайсы бир фактылар сыр болушу мүмкүн, анткени, ал Кытай тараптагы маалымат боюнча камтылып, эки мамлекеттин мамилесине кедергиси тийе турган маселелер чыгып калышы ыктымал. «Саясый куугунтук» деп айтууга бул жерде азырынчы негиз жок, анткени булар абактагы аткаминерлер, Атамбаевге жакын чоролору болгондон башка, азыркы бийликке акаарат айтып, сын-пикирин бир да жолу билдиришкен эмес.

— Президент Жээнбеков коррупцияга айыпталган экс-спикерлер менен экс-премьерлердин колдоосуна муктаж деле болбосо керек. Алар болсо эски адаттарынча кошомат кылышып, кеңеш айтууга жанталашып атышат. Мааниси канчалык?

— Экс-спикер, экс-премьелер эски адаттарына салышып, жерлешчиликти колдонушуп, бийлик менен соодалашууну улантып келишүүдө. Бул ар XXI кылымда эмес, XIX кылымдын уруучулук заманында жашап жаткандай. Ошону менен жаштарга да жаман үлгү көрсөтүшүүдө. Бул дагы мамлекеттин алсыздыгы. Бийлик институтгары иштесе мындай болмок эмес.

— Соңку убакта «саясый туткундар» чекесинен чыга башташты. Бул топ азырынча Атамбаевге атака кылууга өтүштү, өч алуу таризинде. А эртең президент Жээнбековго оппозиция болуп кетишсе таңкалбайбызбы?

— Ооба, муну көбүнчө Атамбаевге карата өч алуу, анан азыркы бийликке жагынуу амалы катары ойлойм. Бирок, бул нерсе жыйынтык бербейт, себеби, бүт маанилүү кызматтар бөлүштүрүлгөн. Азыркы абактан чыккандарга Караганда, коомчулукка Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин, сыртта жүргөн Мелис Мырзакматовдун позициясы кызыктуу. Алар эки жакка ыктабай, үчүнчү күч катары, ортомчу позицияны карманып, системалык ой толгоолорду элге тартуулап жатышат. Азыркы кырдаалда бул жагдай көбүрөөк саясый упай топтогонго мүмкүнчүлүк берет.

— Март айынын аягында Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынан кийин саясый кырдаалдын курчуй турганы айтылууда. Кандай сыр болушу мүмкүн? Божомолдоп көрсөк?..

— Путиндин сапары учурунда кайсы документтерге кол коюлары кызыктуу. Эгерде Кыргызстандын стратегиялык делген «Дастан», «Кыргыз темир жолу» ири ишканалардын сатуу пландары аныкталса, бул элдин нааразычылыгына алып келип муну оппозициялык күчтөр да колдонуп кетиши мүмкүн.

— Өкмөт башчы Абылгазиев менен спикер Жумабеков жетектеген парламентке кандай баа бересиң? Булар эл ишенимин актаган жок го?..

-Абылгазиев өзүн өкмөт башчысы эмес, президенттик аппараттын жетекчиси катары сезип жаткандай таасир калтырат. Эң күчтүү премьер-министр, спикер бийликтен эмес, оппозициядан келген инсандар болгон. Мисалы, Текебаев, Сариев, Келдибеков, Атамбаев. Анткени, алар өздөрүнүн аракеттеринде Ак үйгө эмес, элге таянып иш кылышкан. Абылгазиев менен Жумабековдо көбүнесе «жогору жакка жаман көрүнүп калбайын» деген эле ой. Ошон үчүн иши да чабал. Бирок, булар кызматтан алынбайт го. Анткени, келерки жылы көп күчтөр даярданып жаткан парламенттик шайлоо келатат. Мындай учурда алсыз болсо да көз каранды спикер жана премьер-министр болушу шарт.

— Адил мырза, тилектеш жолдошторуңбу, айтор, «Гей-параддын» чуусунда калган саясатчыларга пикириң кандай?

— Өндүрүш Токтанасыров, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Эдил Байсалов — кыргыздын намыскөй мыкты жарандары. Аларды билем, жөө жүрүшкө айымдардын укуктарын коргоо үчүн барышкан, бирок, ал жерде күтүлбөгөн башка, элибизге жат да ураандар, жазуулар чыгып кетти. Көпчүлүккө салып, аларды жерге киргизип, тебелеп, табалаган кыргыздын сапатына да жат нерсе. Муну токтотуш керек. Бирок, бул жөө жүрүштөн кийин бийлик башка оппозициялык күчтөргө эми тыюу сала албайт.

БУЛАК:Азиянюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу