Адиль Турдукулов, саясатчы: «Бийлик өзү нааразычылык акцияга басым жасаганга түртүп жатат…»

 — Адиль мырза, КСДПнын жетекчиси деп Адилет министри Атамбаевдин ордуна Абдрахмановду расмий каттады. Силер КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болдуңар эле. Эми Абдрахмановго баш ийесиңерби?

— “Адилет” министрлиги, партиянын негизги документтерине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизгенге эч кандай укугу жок болчу. “Кыргыздрамтеатрдагы” фейк-съездди мыйзамдуу деп эсептеген күндө дагы, төраганы алмаштырыш үчүн мурунку саясый кеңештин мүчөлөрү бул боюнча добуш бериш керек эле. Андай болгон жок. Керек болсо аны демилгелеген Иса Өмүркулов өзу келбей койду. Ошондуктан, Юстиция министрлиги жасап жаткан манипуляция кылмышка тете. Ал учун Юстиция министрлиги жакынкы аралыкта сөзсүз соттун алдында жооп берет.

— Шайлоого КСДПны Абдрахманов алып барса, ошол күч менен барасыңарбы?

— Партияны күч менен тартып алса да, шайлоого башка ат менен бирок чыныгы “эсдек” менен бара беребиз. Бирок, бийлик өзү шайлоого  эмес, башка нааразычылык акцияга басым жасаганга түртүп жатат.

БУЛАК: Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу