Адиль Турдукулов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү: “КСДП өткөргөн митингге Икрам Илмиянов менен Осмонбек Артыкбаевдин тарапташтары катышпайт”

– Адиль мырза, КСДП эртең “Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн” деген аталышта митинг өткөргөнү жатасыңар. Саясий негиз менен камалгандар бошотулсун деген талапты коёт экенсиңер. Кимдер саясий негиз менен камалды деп эсептейсиңер?

– УКМК, Башкы прокуратура, Финпол, ИИМ бийликтин саясий куралы болуп келатканы, ушул органдар өздөрү коррупциялашып кеткендиктен коррупция менен күрөшө албайт деген тыянак чыгарганыбыз үчүн башка жолдорду таба албай, митинг аркылуу өз талабыбызды ачыкка чыгарып, элди чогултуп жатабыз. Муну бир гана КСДП айткан жок, башка саясий партиялар, жөнөкөй жарандар дагы айтып келатышат. Тилекке каршы, дагы деле алдыңкы сапта КСДП болууда. Башка саясий күчтөр дагы бул маселеде саясий күрөшкө катышып, бийликтен талап кылса туура болот эле деген ойдомун.

– Партия төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева камакка алынган КСДПнын мүчөлөрү, экс-президенттин жанында жүрүп камалгандар саясий негиз менен камалганын, алардын бошотулуш керек экендиги талап катары коюларын билдирген. Жалаң гана КСДПга жакын адамдар акталсын деген талап негизги болуп жатабы?

– Буга чейинки кайрылууда бул нерсе айтылып келген. Дамир Мусакеевдин, Бишкек ТЭЦтин тегерегиндеги маселе менен күнөөлүү деп камалган Сапар Исаковдун, Айбек Калиевдин, Жантөрө Сатыбалдиевдин, Салайдин Авазов жана Албек Ибраимовдун, Кубанычбек Кулматовдун тарапташтары, туугандары катышат. Булардын баары КСДПга мүчө эмес. Соттук процесс жабык болуп жатканы саясий негиз бар экенинен кабар берип жатат. Ачык соттук процесс болушуна биринчи кезекте бийлик кызыкдар болушу керек болчу.

– Эмне үчүн мурунку бийлик учурунда саясий негиз менен камалган саясатчыларды кошкон жоксуңар?

– Мурунтан саясий куугунтук боюнча позициям КСДПнын позициясына дал келбейт. Менин оюм боюнча тизме кенен болушу керек. Саясаттын курмандыгы болгон Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Эрнест Карыбековдор, сыртта жүргөн Мелис Мырзакматов, Өмүрбек Бабановду кошкон оң болмок. Булар сөзсүз түрдө бошотулууга тийиш.

– Өтө турган митинг боюнча КСДПнын саясий кеңеши чогулуп талкуулады да. Сиз ошол талкууда Атамбаев учурунда саясий негиз менен камалган саясатчыларды кошуу маселесин көтөрдүңүзбү? Өзүңүздөр саясий негиз менен тандалма камоолорго каршы чыгып жатып, жалаң эле өз адамдарды башкалардан бөлүп алып, ушулар саясаттын курмандыгы болду деген чыныгы тандалма күрөш болуп жатпайбы?

– Буга чейин болуп көрбөгөндөй саясий куугунтук болуп жатат деген ой бир гана Атамбаевде эмес, башка КСДПнын мүчөлөрүндө дагы калыптанган. Бул маселеде өзүм жалгыз гана болушум керек. Мурун деле УКМК, Башкы прокуратура бийликтин куралы болуп келген деп айтсам көбүнө жакпайт. Жакшы жагы Атамбаев азыр сын-пикир укканга ачык. Бийликте турган учурда кетирген каталарын мойнуна алып жатат. Өмүрбек Текебаевди камоого жол бербеш керек болчу деген ою, президенттиктен кеткенге чейин АКСти (коррупцияга каршы күрөшүү кызматы) УКМКнын курамынан чыгарып, өкмөттүн курамына киргизсем болмок экен деген өкүнүчү бар. Жеке өзүм саясий куугунтук болуп жаткан баардык адамдарга басым болушу керек деген ойдомун. Бул ойду партия лидерине, башка партиялаштарыма дагы таңуулап, түшүндүрүүгө аракет жасап жатам. КСДП Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду кантип саясий куугунтук болду деп айтат? Алар Атамбаевдин учурунда соттолушкан. Антип айта турган болсо, “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрү эки жүздүүлүк катары карашат. Биз ал адамдарды айткан күндө деле, биздин митингге тарапташтары келип катышпайт.

– Митингге Атамбаев өзү катышып, сөз сүйлөй турганы айтылып жатат. Бийликте туруп, саясатчыларды саясий негиз менен камаганга жол берген адам, бүгүн саясий куугунтук болуп жатат дегени эки жүздүүлүк эмеспи?

– Саясий оппоненттерин сындыруу Союз учурунда калыптанган система. Эл ошол системаны өзгөртүү үчүн Атамбаевди президенттик такка чейин көтөргөн. Бирок, өзгөртө албады, системаны сындыра алган жок. Азыр көп учурда президентке маалымат жетпей калат экен деген сөзүн айтып жатат. Ал сөзгө ишенебизби, ишенбейбизби өзүбүздүн эркибиз. Мен үчүн Атамбаевдин саясатка аралашып, өзү кетирген каталарын мойнуна алып жатканы кыргыз саясий майданы үчүн жакшы нерсе. Саясий элита ким бийликте турса ага жагалданып, бийликтен кеткенден кийин аркасына суу куйганы – бизде саясий маданият дагы деле төмөн экенин түшүндүрөт. 2014-2015-жылдары биз Атамбаевге каршы чыккан учурда азыр ага сын айтып жаткандар дагы чыгышканда, Атамбаев авторитаризмге ооп кетпейт болчу.

– Дамир Мусакеевдин ордуна Алга Кылычев камалышы керек деп социалдык тармакта жазып чыктыңыз. Саясий кеңештин ичи тынч эмеспи?

– Мен эмоцияга алдырдым деп ойлойм. Партиянын ичинде ыдыроо пайда болду дегенге май чачкандай болуп калдым. Өзумдү ыңгайсыз сезип жатам. Бирок, ошол сөздү жазганымды танбайм. Алга Кылычев Турганбаевдин кеңешчиси болгон, андан мурун «Агропро» корпорацияда иштеген, кийин “Дан” ишканасында жетекчи болгон. Ал жерде туура эмес иштер болуп келген. Кылычев менен ачык күрөшүү партияны алсыздандырууга алып келет. Ошондуктан, биз биринчи бийликке жетели, андан кийин өзүбүз чечишип алабыз. Бул жеке гана таарыныч, саясий негиз жок. Кылычевде финансылык мыйзам бузуулар болгону менен саясий жактан Атамбаевди сатып кеткен жок. Бул анын саясий туруктуулугун тастыктайт. Мен үчүн ушул жагы маанилүү. Андан ашкан коррупционерлер эркин эле жүрүшпөйбү.

– Фарид Ниязов партиянын саясий кеңешине кайтып келгенден кийин партия төрагасынын орун басары болуп шайланган Рыскелди Момбеков партиядан кетерин айтып чыкты. Бул деле партияда ырк жок экенин билдирип жатпайбы?

– Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев азыркы рейтинг боюнча элге жакын депутаттар болуп саналды. Булар КСДПнын аркасы менен депутат болуп келишкен. Атамбаев жалаң эле акчалуу адамдарды эмес, Строковага окшогон мугалимдерди, Жанар Акаев, Жылдыз Мусабекова, Аида Касымалиева, Рыскелди Момбековго окшогон журналисттерди депутат кылып алып келди. Булар акча берип келген дегенге эч ким ишенбейт. Биз олигархтар сатып кетет деп айтып жатпайбызбы. Бийликке келгенден кийин жөнөкөй жарандар деле сатып кетет экен. Буга жогоруда айткандар мисал болуп жатат. Момбеков башынан эле бийликтин саясатын колдой турган болсо, партиянын съездине келбей эле коюш керек болчу. Эки тараптын сүйлөшүүсүнө көпүрө болоюн дедиби, анысы ишке ашпай калды окшойт. Партия радикалдашып, чыңалуу күчөп баратат. Тандоого келгенде наркы жээкти тандады. Фарид Ниязов деп айтканы суу кечпеген эле сөз.

– Атамбаев бийликте турганда “Жаңы Муундун” сиз баштаган лидерлери ага чокой, тезек белек кылганга аракет кылдыңар эле. Азыр ал кишинин жанында жүрөсүз. Чокой менен тезекти эске салдыңызбы?

– Көп жолу эстеттим. Видеолорду дагы жибердим. Көбүнчө “Муну билбептирмин” деп, кол алдында иштеген адамдар маалыматты жеткирбей келгенин айтып калат. Муну ар кандай кабыл алса болот.

– Экс-президенттин партия төрагалыгынан четтегенин саясий күрөштө чегинүүгө аргасыз болду деп сыпаттаса болобу?

– Саясий күрөштө кылычты сууруп алып чабуул кыла берген болбойт. Бир кадам артка чегинүүгө да туура келет. Ал кишинин партия төрагалыгынан убактылуу четтегени туура эле болду деп эсептейм. Алмазбек Шаршенович өзү “Кайрадан партия төрагалыгына келемби же жокпу күмөндүү” деп айтып жатат. Себеби, мыйзам кабыл алынганга чейин эле партияда коллегиялык башкаруу болсо деп айтып келген. Муну күзүндө талкуулайбыз. Балким, теңтөрагалык башкарууну киргизебиз. Өткөн кылымдын 90-жылдары партия түзүлгөндө теңтөрагалык башкаруу болгон. Мен дагы ушул башкарууну туура деп санайм. Башкаларга демократиялык башкарууну айта бербей, өзүбүздөн баштаганыбыз оң болот. Экс-президенттер саясатка активдүү катышуусуна чек койгон мыйзам туура эмес. Конституция боюнча ар бир адам добуш берүүгө, шайланууга укуктуу. Экс-президенттер дагы мындай укукка ээ болушу керек. Өмүрүн саясатка арнаган адамды саясаттан четтетип коюу туура эмес иш.

– Кайрадан партия төрагалыгына келиши күмөн болсо, саясаттан биротоло алыстап, бейпил жашоого өтүп алса, КСДП күрөштү уланта алабы?

– Чынында партиянын туусун алып чыкчу анын лидери. Ал бейформал же формалдуу лидери болобу экинчи маселе. Атамбаев формалдуу түрдө лидерликтен четтегени менен КСДПнын лидерлигинен андан башка эч кимди көрбөйм, эч кимди лидер деп санабайм. Атамбаев баарын таштап, саясаттан биротоло кетип калат деп ойлосом, эч качан КСДП партиясына кошулбайт элем. Ал адамды 2003-жылдан бери билем. Башка саясатчыларга окшоп тажадым деп саясаттан кетип калган эмес. Саясий күрөштү дайыма жүргүзүп келген, азыр дагы жүргүзүп жатат. Ага кайрадан президент болуу кызык эмес. Өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды. Ошол учурда кетирген каталарын оңдоо аракети болуп жатат. Камалган жакын адамдарын бошотууга аракет кылууда.

– Экс-президенттин учурунда бийлик узурпацияландыбы же жокпу?

– Узурпация фактылары бар. Президент сот системасына, аткаруу бийлигине, мыйзам чыгаруу бийлигине да басым кылганы баарына маалым.

– Икрам Илмиянов тууралуу маалымат дээрлик жок болуп кетти. Атамбаев өзү ишенген адамы тууралуу сөз козгойбу?

– Көп козгобойт. Биз деле тергөө кызматы менен келишим түздү деген сөздөрдү угуп жатабыз. Бул сөз канчалык деңгээлде чын экенин билбеймин. Эртеңки митингге Икрам Илмиянов менен Осмонбек Артыкбаевдин тарапташтары катышпайт. Атамбаев президенттиктен кеткенде Илмиянов тарабынан “Саясатка аралашпай, өз жумушумду кыла берейин” деген сөз болгонун уктум. Кыска аралыкта ошондой бийиктикке чыгып, кайра кулоо аябагандай оор болот. Ал киши мурунку иштери үчүн жооп берүүгө аргасыз болуп жатат.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу