Адиз Ражабов, актёр: «КЫРГЫЗСТАНДЫК РЕЖИССЁРЛОР МЕНЕН ИШТЕШҮҮНҮ КААЛАЙМ»

2000-жылдары өзбек кинолору Кыргызстанда популярдуу болуп, кассета, дисктерден байма-бай көрүп калсаңыз керек, окурман. Мына ошол кинолордун каарманы, сиз билген «Чын эле сенби?» («Нахотки сен»), «Супер келинчек», «Ромео менен Жульетта» тасмаларында роль аткарган белгилүү өзбекстандык актёр Адиз Ражабов менен маекти сунуштайбыз.

– Саламатсызбы, Адиз мырза? Кыргызстандыктар сизди «Чын эле сенби?», «Супер келинчек» деген тасмалардан жакшы тааныйт, маегибизди сизге атак алып келген бул тасмаларга кантип тартылып калганыңыздан баштасак?

– Саламатчылык, кыргызстандык чыгармачыл кесиптештерге биринчи жолу интервью берип жатам. Таанышканыма кубанычтамын, биздин маек эки элдин достугун бекемдеп, искусство адамдары менен достуктун көпүрөсүн түзгөнгө жакшы өбөлгө түзөт деген ишеничтемин. Ал эми аталган тасмаларга токтолсом, өзүм окуган окуу жайда актёрлук чеберчилик боюнча сынак берип жатканыбызда «Чын эле сенби?» тасмасынын режиссёру Рустам Согдиев келип мени байкап калды. Ошол убакта, азыр деле режиссёрлор театралдык окуу жайларды кыдырып актёрлорду издешет. Кастингге бардым, тагдырдын кокустугу экен ийгилик мага жылмайды. 21 жашымда «Чын эле сенби?» тасмасында башкы каармандын ролун аткарып чоң кинодо дебют жасадым. Ага чейин 16 жашымда чакан сериалга тартылгам. Аталган тасмага салыштырмалуу «Супер келинчек» тасмасына көп актёрлордун тартылгысы келген, бирок бул ирет да багым ачылып ролго мен тандалдым. «Супер келинчек» эл сүйүп көргөн, кеңири жайылган тасма боло алды, өзүмө да абдан жагат.

– Сиздин түшүнүгүңүздө супер келинчек кандай болушу керек?
– Идеалдуу жубайлуу болуш үчүн күйөөсү да ошондой болушу керек деп ойлойм. Менимче, жубайлардын ортосундагы мамиленин үстүнөн экөө тең иштеш керек. Бири-бирин көз карашынан түшүнүп, компромисске барып, айрым кемчиликтерине көз жумуп, кечиримдүү болгону жакшы.

– Өзбек маалымат каражаттарынан маек бергенди анча жактыра бербеген түнт адам экениңизди окуп калдым эле…
– Жок, маек бергенден качпайм. 16 жылдан бери кинодо жүрүп көп жолу маек бердим. Болгону окшош эле суроолорго кечке жооп бергим келе бербейт. Өзүмдү пиар кылуу менен эмес, чыгармачылыгым, тартылган кинолорум менен таанылсам дейм. Балким, ушундан улам түнт деп сүрөттөшөттүр.

– Бала кезден эле актёр болууну кыялданчу белеңиз?
– Кичинемде каникулда балдар эшикте ойноп жүрүшсө, мен кечке сыналгынын алдында кадалып отурчу элем, кино, спектакль, шоу берүүбү, баарын көрө берет элем. Мендеги актёрлук кесипке болгон кызыгуу ошондо калыптанса керек, бирок балалыгымда актёр болом деп кыялданчу эмесмин, балким, ичимде жаткан кыялды түшүнбөгөн чыгармын. Эски советтик кинолорду көрүп чоңойдум. Ата-энем экөө тең чыгармачылыктан алыс адамдар, мендеги талант кимден берилгенин билбейм. Өзүм тарыхый Бухара шаарында төрөлүп өстүм. Балалык дегенде эле көз алдыма Бухаранын өзгөчө оймо түшүрүлгөн мечиттери, мен ойногон тар көчөлөрү көз алдыма тартылат. Мээ кайнаган күндүн ысыгы, жерге суу чачып шыпырганда топурактын жыты келет эмеспи, ошол чаңдын жыты бир керемет эле. Балдар менен арыктагы сууга түшкөн күндөр, апамдын тандырга жапкан нанынын жыты эч эсимден кетпейт. Азыр эстеп отуруп кайра балалыгыма кетким келип кетти. 16 жашымда Ташкентке окуганы келгем, ошондон бери бул жакта отурукташып калдым.

– Учурда киного тартылуудан башка дагы эмне менен алектенесиз?
– Учурда «Дийдор» деген театрда актёр болуп иштейм. Мындан сырткары бир телеканалда саякат тууралуу берүүнү алпарам. Аталган телеберүүнү тартуу үчүн жакында эле Таиланддын Бангкок шаарына барып келдик.

– Кыргыз кинолорун көргөнсүзбү, кыргыз режиссёрлорунан чогуу иштешүү сунушу түшсө иштешет белеңиз?
– Ооба, мен кыргыздардын «Салам, Нью-Йорк!» деген тасмасын көргөм. Аябай жаккан. Кыргызстандык режиссёрлор менен иштешүүнү абдан каалайм, анткени тажрыйбасы бөлөк, жаңы адамдар менен иштешүү мен үчүн дайыма кызык. Биз кыргыздар менен бир туугандайбыз, бизди тарыхыбыз, кошуналык мамиле бириктирип турат. Ушул мамилени чыгармачыл адамдар чыңдап, искусство, кино аркылуу көпүрө түзүп достукту даңазаласак урпактар бизге ыраазы болот.

– Роль үчүн эмнелерге даярсыз?
– Искусство актёрлордон дайыма өзгөрүүнү талап кылат. Мен роль үчүн семирип, арыктоодон баштап, бетиме түрдүү гримдерди жасаганга, айтор, баарына даярмын.

– Өзбекстанда сизди гонорар акы эң көп төлөнгөн, суроо-талап жогору актёрлордун бири дешет…
– Чоң рахмат, менин ийгилигимдин сыры кесибимди сүйгөнүмдө, ага калп айтпай мамиле кылганымда деп ойлойм. Мен талыкпай өзүмдүн үстүмдөн иштеп жатам, ар бир кинодо башкача ойногонго аракет кылам. Акысыз киного тартылып көргөн эмесмин, тартылбайм, себеби ар бир адам эмгеги үчүн сыйланышы шарт.

– Кино тартуу учурунда көп эле кызык окуяларга кабылсаңыз керек?
– Кино тартууда эмес, кино жарыкка чыккандан кийин бир агрессивдүү окуяга кабылгам. 2006-жылы «Бөрүлөр» деген тасмада терс каармандын ролун ойноп калдым. Кино жарыкка чыгып, элге тарап жаткан мезгил эле. Бир күнү түнкү саат 11-12лер болсо керек, көчөдө баратсам, жаш эле балдар-кыздар мени таанып «бул жигит кинодо досун союп салган» деп бирөөсү кыйкырса, калгандары мени сөгүп, кемсинткен сөздөрдү айтып ызы-чуу болушкан. Эптеп ошол кыйкырыктар угулбай калгыча шашып басып кеткеним эсимде. Азыр эстесем күлкүм келет.

– Белгилүү актёрдун жеке жашоосу дагы кызыктырбай койбойт.
– Айрымдар үчүн түнт адамдай сезилгеним – үй-бүлөм, жеке жашоомду айтканды каалабаганымда да болсо керек. Үй-бүлөм менин эң ыйык, эң жабык темам. Өзүм төрт бир тууганмын, 33 жаштамын, жубайым, балдарым бар.

– Маегиңизге рахмат. Буюрса, сиздин талантыңызды кыргыз тасмаларынан да көрөлү.

Актёр жакында эле кыргыз ырчысы Наргиза Айтемированын клибине тартылган.

Булак: super.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу