Адам өмүрүн алган жол кырсыгына шектүү катары жол коопсуздук кызматынын өкүлү кармалды

Адамды сүзүп, из жашырып кетүүгө шектүү катары Ак-Суу районунун жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 3-декабрда түн ичинде Ысык-Атай районунун аймагында белгисиз айдоочу 18 жаштагы жигитти сүзүп, изин жашырып кеткен. Кырсыктан жүргүнчү мүрт кеткен.

Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Чүй облусунун 63 жаштагы тургуну кармалган. Бирок кошумча иликтөөлөрдүн жүрүшүндө адамды коюп кеткен унааны жаш адам башкарып баратканы аныкталган.

5-декабрда Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматы бул кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысын кармашты.

Ал кылмышты моюнга алып көрсөтмө берген. Учурда кылмышка шектүү Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Тергөө уланууда.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу