Адам уктап жатып эмнеге селт этет?

Уктап жатып селт этип кетесизби? Анын көптөгөн себептери менен кызыктуу жагдайлары бар.

Адам уйкуга батып, дем алуусу жайлаган кезде организм адам өлүп бара жатат деп ойлоп калат, ошондуктан коргоо механизми ишке кошулат.

Мээ рефлекторлук деңгээлде буту-колго жыйрылып, адамды ойгот деген белги берет. Ал уктап кетүү менен өлүп кетүү ортосундагы айырманы көрбөйт, өзүн-өзү сактоо инстинкти ар дайым ишке кошулат. Ошол себептен селт эткенден кийин биз ойгонуп, баары жакшыбы деп текшерип көрөбүз. Көзүбүз жеткенден кийин кайра уйкуга кетебиз.

Муну алдын алуу үчүн уйкуга болушунча жай кирүү керек, мисалы, ваннага түшүңүз же массаж жасатыңыз. Мээге күч келтирбеңиз, антпесе ал сизди дароо ойготот.

Биз үшүгөн кезде калтырап баштаганыбыз да ошондон. Мээ биз жылынуубуз үчүн механизмдерди ишке кошо баштайт. Калтыроо — алардын бири, бул булчуң эттердин тез жыйрылуусу. Ал эми булчуң эттер жумуш иштегенде жылуу энергияны бөлөт.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу