Агрардык университеттин 25 сотых жерин ким сатып жиберди?

К.Скрябин атындагы Агрардык университеттин 1963-жылдан
бери окуу жайга тиешелүү болуп келген 25 сотых питомниги талашка түштү. Ал питомник Тыныстанов — Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Аталган окуу жайдын талашка түшкөн питомнигин 2 жыл мурун Урмат Салыкбаев’деген жеке ишкер аукциондон 5 жылдык мөөнөткө ижарага алып, ал жерди тегерете курчап тосуп алган. Ишкер жыл сайын ал жер үчүн 350 миң сом төлөп жатканын айтып чыкты.Окуу жайдын жамааты коомчулукка питомник жеке ишкерге мыйзамсыз өтүп, ал рейдерлик басып алуу
кылып жатканын билдирип чыгышты. Кептин баары жерди окуу жайдын мурдагы ректору сатып жибергенинде болууда. Эми муну тиешелүү органдар иликтеп, укуктук баа берүүгө тийиш.

БУЛАК:Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу