Агасы губернаторлуктан кетип, иниси прокурор болду…

Баткендин облпрокурору болуп Абдибакыт Халмурзаев дайындалды. Мурунку прокурор Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп өлгөндөн кийин анын ордун убактылуу Ороз Бердибаев ээлеп турган. Халмурзаев 2017-жылдын августунан, 2018-жылдын октябрына чейин Бишкектин прокурору болуп иштеп турган. Жаңы прокурор Баткен облусунун мурунку губернатору Абиш Халмурзаевдин бир тууганы. Ал кызматынан өзүнө карата айтылган катуу сындардан улам айрылган. Ошондой эле коррупциялык аракеттери да бир катар ЖМКларга чыккан. Бирок ага эч кандай чара көрүлбөй калды.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу