Шоу чөйрөсүндө жылдыздуу түгөйлөрдүн саны арбын. Бирок, эл көзүнөн сактануу үчүнбү айтоор кыз-жигит мамилесин сыр катышат. Мисалга алсак, белгилүү ырчылар Нурлан менен Асел да биз жөн гана доспуз деп жатып, азыр үй-бүлө куруп сүйүүсүн ачыка чыгарышты. Эми кезек кимде? Биз да элдин катарында ырчы Аваз Акимов менен Айдана Деканы болжолдоп жатабыз. Анткени бул түгөйлөр да байке-карындашпыз дегени менен бири-бирине болгон сүйүүсү көздөрүнөн жанып тургандай. Эмне дейбиз жылдыздуу түгөйлөргө бакыт каалайбыз!
Булак:argument.kg