Абылгазиев досунун компаниясына тендерсиз 300 миллионго Билим берүү министирлигине тиешелүү пансонатты ремонттого берген

 

Премьер-министр эң жакын досу болгон Канат Исмаиловдун ОргТехСтрой» компаниясына тендери жок эле Билим берүү министрлигине тиешелүү болгон Ысык-Көлдөгү «Санат» пансионатын ремонт кылганга 300 миллион сом бөлгөн. Бул мыйзамсыз иштен тышкары Премьер-министр досу үчүн мамлекеттик банктарды кысымга алуу аркылуу Ысык-Көлдөгү пансионаттарын күрөгө коюп, күрөөнүн баасы ылайыктуу келбегенине карабай ири суммада кредит алып берген. Канат Исмаиловдун ысымы дагы бир нече чыр чатакта айтылып жүрөт. Маселен Горький көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу имаратты менчиктештирип алган деп, бул боюнча кылмыш иши да козголгону кеп болгон. Бирок досун досу коргойт болуп, Өкмөт башчынын таасири менен иш белгисиз бойдон калган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу