Абылгазиев социализм курганы жатабы?

Премьер-министр М.Абылгазиев экономикалык кандай ийгиликтерди жасап жаткандыгын жакшы билбейт экенбиз, анткен менен сүйлөгөндө оозду ачырып, кээде “социализм курулат” дегендей сөздөрүнө ишенгиң да келип кетет экен. Ал өткөн жумада жакынкы жылдары республикабыз дүйнөдөгү алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кошула тургандыгын “Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференцияда билдирди. “Бүгүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө биздин 730 миңдей мекендешибиз эмгектенишүүдө.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, биз өлкө ичинде иш орундарын түзүүгө жана жаштарды үйүнө кайтарууга багытталган чараларды көрүүнү улантабыз”, – деди премьер-министр. Өкмөт башчынын айткандарына ишене турган болсок, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүүсү 3,5% түзүптүр. Биринчи жолу “Кумтөр” кенинин ишмердүүлүгүн кошпогондо, биз бир кыйла маанилүү көрсөткүчтөргө жетишиптирбиз. Ал эми инвестициянын Кыргызстанга аз келип жатышы бир эле биздин эмес, бүткүл дүйнө жүзүнүн көйгөйү экен. Дүйнөлүк деңгээлде инвестициялардын көлөмү 1,14 трлн. АКШ долларына кыскарган.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн бардык жашоо тармактарында оң өзгөрүүлөр көрүнүп турат. “Социалдык чөйрөдө жаңы объекттердин курулушу жүрүүдө, аймактарда жол инфраструктурасы өнүгүүдө, көптөгөн айылдарда жолдор республикалык бюджеттин гана эмес, жергиликтүү бюджеттин дагы эсебинен курулууда. Биз мамлекеттик сарптоолорду кыскарттык. Ошентип, бюджеттин тартыштыгы 23 млрд сомдон 10 млрд сомго кыскарган.

2020-жылы бюджетибиз тартыштыгы жок болот деп турабыз. Doing Business рейтингинде республика 77-орундан көтөрүлүп, 73-орунду ээледи. Биздин максат – баштапкы 50 өлкөнүн катарына кирүү. Биздин өлкөдө бизнесин баштоону каалагандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөбүз жана бул иштерди улантабыз”,- деп сөзүн оптимисттик маанайда аяктаган М. Абулгазиевдин кагаздагы сөздөрү иш жүзүнө качан ашар экен?…

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу