Абылгазиев «Русгидро» ишканасынын төрагасы менен жолугушту

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен кездешти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин, Кыргызстандын суу-энергетикалык мүмкүнчүлүгүн жана Борбор Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү пландарын талкуулашты.

Анда ошондой эле Жогорку Нарын каскады тууралуу да маселе козголуп, ага байланыштуу кырдаалды өз ара жөнгө салуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөгө алып келери айтылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан жаңы генерациялык кубаттуулукту ишке киргизүү жана тармактын экспорттук дараметин күчөтүү үчүн гидроэнергетика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууга ынтызар экенин баса белгиледи.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу