Абылгазиев паспорт кризисин качан чечет?

Паспорт кризиси жакындап келатат, өкмөт козголуп да койбойт. Жазындагы тендердин тегерегинде чыр чыгып, андан улам Алина Шаикова жумуштан кетип, бир канча жетекчи камалган. Бирок, аягында ал кылмыш ишине эч кандай негиз жоктугун, баарын УКМК жетекчилиги «жумурткадан кыр издегени», дагы бир банкка, швейцариялык фирмага тартышкандары ачыкка чыгып калып, Идрис Кадыркулов жумуштан айдалганын билебиз. Бир айдан бери башка ызычууга алаксыган эл азыр сарсанаа. Көрсө колдогу паспорт түгөнүп, жакында кыргыздар четке чыга албай калат экенбиз. Жаңы паспортко заказды азыр тапшырбасак, кышында эң чоң кризиске учураарыбыз анык. Литвалык «Гарсу Пасаулис» фирма 65 миллион еврого Кыргызстанды сотко бере турганы боюнча да эл аралык басылмалар кабарлаганы кандай? Ушул маселенин аягына чыгат бекен Абылгазиевдин өкмөтү? Же адатынча эле, жоопкерчиликтен качышып, билмексенге салышып, чечим кабыл албай, анан толук кандуу кризис жаралганда эле качышып башташабы? Эл козголчу көйгөйлөр ансыз деле жетиштүү го!

Булак:Азия ньюс

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу