Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир нече борбордук жана жергиилктүү атка минерлерге сөгүш жарыялады.
Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмоттүн маалымат кызматы бидирди.
Өздөрүнө жүктөлгөн милдетти аткарбагандыгы үчун төмөндөгү чиновниктер сөгүш алды:
– Экономика министри Олег Панкратов;
– Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;
– Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбек;
– Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев;
– Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов;
– Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова;
– Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев;
– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Рахат Исакова;
– Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Ниязбек Козуев;
– Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовго сөгүш жарыяланды.
Ушул эле күнү өкмөт башчынын буйругу менен үч облустагы алты райондун акими жана бир райондогу акимдин биринчи орун басары иштен алынганы кабарланды.
Булак: Калыс Медиа