Абылгазиев кетпесе, күзүндө коркунучтуу апаатка кабылабыз!

Жыл башында эле өкмөттүн туура эмес, шалаакы аракеттеринен улам «Кытайга каршы» митинги орун алып, 2 миңден ашык элибиз борбордук аянтка чыгышкан. Катуу талаптар айтылып, милиция көпчулүктү кубалаганга чейин барганы эсиңердеби? Бул январь айындагы бийликке карата коңгуроо эле, жөн жерден чыга калган эмес…

Ошондон бери чакан митингдер, нааразычылык акциялар тыйылбай келет. Премьер-министр Абылгазиев ишин кыйратмак тургай, тескери кадамдары менен элди көчөгө чыгууга жол ачууда. 2019-жылдын башынан тарта социалдык көйгөйлөрдөн улам аянтка келгендер арбын болду: медиктер, мугалимдер, ишкерлер ж.б. карапайым адамдар. Баары акыйкат издешет, аргасыздан жан кыюуга чейин жеткендер да.

Тилекке каршы, өкмөт элдин ишенимин актагандын ордуна улам бир көйгөйдү жаратып, мүдүрүлүп, кайра чечимдерин артка кайтарып алууда. Тантырап калды. Эл кыйкырбаса кас саясатын жүргүзүшөт экен да,
унчукпасак жайлай беришеби? Кайда баратабыз? Анан калса «гей-парадды» да күч органдары уюштурганын активисттер айтып чыгышты. Жакында эле «Уранга каршы» акциясы башталып, Кыргызстан бүлүк түшүп эле калды. Ысык-Көлдүн Кызыл-Омполунан уран казылып баштаса, бүтүндөй элибиз ууланары, оорукчан, майып балдар төрөлөрүн Абылгазиевдин «ашкабак» өкмөтү аңдабаса, кетип эле калышпайбы? Генофондду ойлошпойт экен эй! Андан көрө туризмди өнүктүрүүнүн долбоорлорун иштеп чыгышса, инвестиция тартышса, элибиздин жашоосу оңолбойт беле? Тескерисинче, булар уран чуусун башташып, коңшу өлкөлөрдөгү Ысык-Көлгө келе турган эс алуучуларды үркүтүп, коркутуп салышты. Мына кылыктары!

Учурда сот адилетсиздигине, дээрлик аткаминерлердин кайдыгерлигине көпчүлүк катмарыбыздын жандары кашайып, араң гана чыдап турушат. Бир эсе түрмөдөн чыккан Талгарбеков, Кадыров, Асанов баштаган саясый туткундар толук кандуу чындыкка жетишпегени, ал эми темир тордун артынан адилеттик күткөн Текебаев, Жапаров жана Чотонов сыяктуу элдик адамдарыбыз да отурушат. Чыдоонун чеги бүткөңдө козголоң башталбайбы?..

Азырынча майда-барат митингдерге бийлик көңүл бурбагандай ишарат кылууда. «Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат» дейт. Анын сыңарындай, кайсы жерде, кандай багыттарда «ириң толуп» бараткан болсо, маселени оорлотпой «айыктыруу» зарыл эле. Андай изгиликти көрө албай атабыз…

Кыргызстан өнүгүүгө эмес, өчөйүп артка кетти. Эл козголуп калды. Жыл башынан бери борборубуздагы жана региондордогу митингдер, нааразычылык акциялардын саны жүзгө жакындап калыптыр. Мунун өзү чоң коркунуч. Балким, күзгө карай баардык көйгөйлөр биригип, жалпы элдин чоң толкундоосу болуп кетсе кантебиз? Коркунучтуу апааттын коңгуроосу кагылууда! Азыркы күч органдарынын жетекчилери аскерлеринин алдында качат. Тарыхты эстегиле. Андыктан, тез арада премьер-министр Абылгазиевди алмаштырып, элге үмүт берген, иштерман, таза саясатчыны көтөрүш керек. Дээрлик кадр саясатын, өкмөт курамын жоготпосок эртең элибиздин убалына калабыз. Азыркынын акыйкаты ушул!

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу