Абылгазиев бир катар акимдерди дайындады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык, Өмүр Ногоев Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Нурлан Шаршеналиев Чүй облусунун Кемин районунун, Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими болуп бекиди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Февралдын ортосунда өкмөттүк отурумдун жыйынтыгы менен бир катар мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине сөгүш берилип, айрымдарын иштен алуу боюнча сунуш түшкөн. «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу» президенттин жарлыгын жана өлкөнүн аймактык саясатынын концепциясын аткаруу боюнча 2018-2022-жылдарга карата иш пландарын аткаруу маселеси караган жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү сунуш киргизген. Айрым райондордун акимдери иштен алынган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу