Абылгазиев алты райондун акимин иштен алды

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, үч облустагы алты райондун акими ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кызмат орду менен кош айтышкан жергиликтүү атка минерлердин тизмеси:

– Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев

– Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев

– Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев

– Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов

– Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов

– Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы бир буйругу менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамадминистрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул чечим өкмөттүн 15-февралда өткөн жыйынында кабыл алынган.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов алты райондун акимин жана бир райондун акиминин биринчи орун басары кызматтан алууну сунуштаган болчу.

Булак: Калыс Медиа 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу