АБУЛГАЗИЕВДИН «АЙДАЛЫШЫНА» АКЫЛБЕК АРАЧЫ БОЛБОСО…

Мегаком жетекчиси өкмөт башчынын иштен кетүүсүнө жакшы кур ал боло турган болду. Бир кезде, Темир Сариев өкмөттү жетектеп, желпинип иштеп жатканда айылдашы транспорт министры Аргынбек Малабаев жол салууда кол салуу кылып, жол тендери боюнча Сариевди күнөөлөп чыгып, Сариев премьерликтен сары улак болуп садага чабылганы эсибизде. Ушундай эле сценарий менен Абылгазиев да ала салайын деп турат. Бул жолкусунда жаш кадр Жаманкулов жакшы кур ал болду. Абылгазиевдин бажаларынын абийирин ачты, алардын коркутуу каттарын жарыя кылып, коомчулукка кымбат коттедждери тууралуу маалыматтарды, үй-бүлөсү тууралуу икаяларды шардана кылды. Жаштык кылды.

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу