Абидин Темиров обончу, аткаруучу: Чыгармачылык менен бирге ишкерликти да ала бара жатам

Таланттуу музыкант Абидин Темиров алыскы Ноокат районунун Кыргыз-Ата деген атыр жыттуу  айылында төрөлгөн. Мектепти ошол эле айылдан аяктап, кийин Ош музыкалык окуу жайына келип, алгачкы музыкалык  билимин алган. Андан соң Кыргыз Улуттук Консерваториясына келип жогорку билимдүү музыкант болгон. Чыгармачылыгына жараша ар  кайсы кесиптерде эмгектенди. Музыкага болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Учурда чыгармачылыктан тышкары ишкерлик менен алектенет. “АГРО ТОП” компаниясынын башкы директору.

Сиздин өтө популярдуу ырларыңыз арбын. Ошолордун ичинен жүрөгүңүзгө жакыны кайсынысы?

-Убагында Рыспай Абдыкадыровдон да көбү “Эң жакшы ырыңыз кайсы?”,-деп сураганда “Жакшы ырымды мен али жаза элекмин”,- деп жооп берген экен. Бирок, ошонткени менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, мыкты ырларын эчак эле жаратып койгон экен да. Анын сыңарындай мен да жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатам десем болот. Өзгөчө акыркы айлары илхомдор келип жатат. Сөз жагынан болсо бир аз аксап жатам эмнегедир. Буюрса жакшы бир чыгармалар жаралат. Көп акындардын китептери бар, окусам эми поезия. Мисалы орустарды караңыз, казактарды караңыз ырларынын сөздөрү жеңил да. Жандуу үн менен ырдаганга жеңилирээк жеткиликтүү ырлар, сөздөр керек экен. Ошондуктан жакында жаңы бир чыгармалар чыгат.

Эң алгачкы аткарган чыгармаңыз кайсы эле?

-Эң алгачкы ырым бала бакчадагы эжекеме арналган. Эмнегедир тарбия берген эжекелеримди жакшы көрүп сүйүп кала берет элем. Алар жакшы сүйлөп, сени карап койсо эле жакшы көрүү сезими пайда боло берет эле. Эч кимге айтпайм, бирок, ичимен жакшы көрөм. Ошентип “Эжекеме” деген ыр жаралган. Бул ырды Клара Алибекова кичирээк кезинде аткарып чыккан. Азыр болсо “Ак шоола” балдар хору ырдап жүрүшөт. Андан кийин эле “Кыргыз атам” деген чыгарма жаралган. Сөзү Алыкул Осмоновдуку ал эми обону мага таандык. Бул чыгарманы “Ата-журтум” деп которуп алып аткаруучулар аткарып жүрүшөт. Бул ырды кайра жаңылатып жаңы аранжировка менен ырдап чыгайын деп жатам.

Мисалы:  Рыспай Абдыкадыровдун “Издейм сени” чыгармасы убагында абдан популярдуу болуп кийин бир топ убакыт ырдалбай калды. Эми кайра жаш аткаруучулар жаңылап аткарып жатышпайбы. Негизи өлбөс-өчпөс ырлар ушундай болот экен да.

Рыспай Абдыкадыров да менин устаттарымдын бири болуп калды. Ошто жүргөндө 1983-жылы таанышып калганбыз. Ал кишинин да мага болгон кызыгуусу артып калды: “Нота менен ойнойт экен, таланттуу музыкант экен”,-деп “Моцартты ойноп бер, Шопенди, Бетховенди, Чайковскийди  ойноп бер”,- деп аябай кызыкчу эле да, Брамстын чыгармаларын Шуберттин чыгармаларын жакшы көрүп, классикага абдан кызыкчу. А мен да тажабай суранганынан ойноп бере берет элем. Ошентип агай мени гастролдоруна ээрчите баштады. Мен өмүрүмдө көрбөгөн жерлерди ошол кишинин арты менен барып көрдүм. Арсланбап, Баткен, Сары-Челек,  Алайкуу жана башка жерлерди бала кезимен көрүп калдым.

Эң алгачкы устатыңыз ким болгон?

-Эң алгачкы устатым деп бала бакчадагы Жайнак Темиралиев агайым болгон. Фортепианинада, аккердиондо жакшы ойногон профессионал музыкант болчу. Андан кийинки устатым Өсөр Темиралиев болду. Ал агайдан да билим алдым. Анан Кудайберген Темиров. Улуу устаттарымдан Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшпаев, Түгөлбай Казаков да өзүнүн кеп-кеңештерин берип, акыл-насааттарын айтып “тигини мындай ырда, муну мындай ырда”,-деп калчу. Асан Керимбаев, негизи эле устаттарга баймын.

Ар кимде жаш кезинде кыял-тилек болот. Ушуга чейин ошол кыял-тилектериңиздин кайсылары аткарылды, кайсыларына жетише элексиз?

-Мен кыялкеч адаммын. Кичинемде куруучу болом, косманавт болом, чоң саясатчы болом дечү элем. Сүрөттү жакшы тартчумун сүрөтчу да болом дечүмүн. Индийский кинолор чыккандан кийин аларды көрүп алып, актер болом дечүмүн. Ал эми музыка деген- сыйкырдуу дүйнө экен. Буга чейинки дагы берген интервьюларымда айтчумун бардыгын музыка жеңип мени жетелеп кетти. Баары бир жүрөгүмдө жашаган нерсе музыка экен. Ошондон бери чыгармачылык дүйнөдө жүрөм.

Бир топ чыгармаларыңыздын автору акын, маркум Эркин Тазабеков экен. Кантип таанышып калдыңыздар эле?

-1987-жылдары бир  топ жыл чыгармачылыкка Жаныбек Алыкулов менен чогуу, эгиз козудай болуп иштеп жүрдүк ага ини болуп. “Мыскыл Тамашаны” музыкалык жагынан коштоп жүрүп Фрунзе шаарына келдик. Ошондо Эркин Тазабеков Кыргыз телевидениесинде иштей экен. Таанышканга чейин ырларын сүйүп окуучумун. Таанышкандан кийин ырларын окуп берип ого бетер кызыгуумду арттырды. Өзүмдүн жазган ырларымды көргөзүп калдым “агай ушуну жаздым эле, бирок, эмнегедир купулума толбой жатат” десем, профессионал акын да, кеп кеңештерин берип, башынан өткөн сүйүү баяндарын айтып берип чогуу иштешип калдык. “Кайыр кош” чыгармасынын автору. Аны эң биринчилерден болуп Токтобүбү Черикчиева ырдап чыккан. Ал кезде бир эле телевидение, бир эле радио болчу да, ошол кезде Токтобүбү бир күндө ушунчалык чоң популярдуулукка жеткен. “Кереметтүү аппак Ала-Тоо” деген ырдын сөзүн өзүм жазып анан “байке өзүмө жакпай жатат” десем “Сонун эле экен, сен деле акын болчу түрүн бар турбайбы” деп оңдоп берди эле, мааниси таптакыр башкача болуп калбадыбы, демек профессионал акын.  Ошентип көп иштештик байке менен.

Кээ бир обондор менде көп жыл жашап жүрө берет. Кээ бирлери болсо дароо чыгат. Мисалы Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган “Табият жана музыканын” обону беш мүнөткө жетип жетпей чыккан. Ал кезде жатаканада жашачумун. Жатакананын терезесин ачсам тоолор,кооз пейзаж көрүндү, аккердеонду алып баскыласам эле өзүнчө обондор чыгып кетти. Мурда эле жаралып калгандай. Эң биринчи Каныкей Эралиева ырдап чыккан. Көптөгөн жылдар угармандардын көңүлүнөн түнөк тапкан ыр болду. Ал эми кээ бир обондорум бар 20-30дай тээ бала кезден бери келе жаткан. Купулума толбой жаткан. Кээде башка обончулардан угуп калам да ошол эле обондорду, менден угуп алган сыяктуу.

Көп ырлар мезгил сыноосунан өтпөй калат экен. Сиздин чыгармаларыңыздын арасында мезгилдин сыноосунан өтө турчу ырыңыз кайсы деп ойлойсуз?

-Өзүмдүн сыноомон өтпөй калган чыгармаларым бар, элге чыга элек. Баягы базардагы товар өткөн сыяктуу эле (күлүп) Кудайга шүгүр өтүп эле келе жатат. Азыр ошол эле Эркин Тазабековдун сөзүнө жазылган “Кайыр кошду” шакиртим Мирбек Атабеков ырдап чыгайын деген жакшы ойлорун айтып жатат, дагы башка аткаруучулар арасында талашка түштү, таарынгандары бар.Бирок, бул ыр убагында 10 жылдай хит болгон. Анан башкача бир обон менен ырдаш керек да.

Эргүүнү кайдан аласыз?

-Эргүү көп эле келет экен, кыйыны аны убагында кармап калыш керек. Чыгармачыл адамдар көбү жалкоо, уйкучу болушат аны менен кошо унутчаак да болушат. Мисалы жөнөкөй инсандар 11,12 менен жатса таң аткыча уктап эс алып алышат экен да, ал эми чыныгы таланттардын мээсинин эки бөлүгү тең эс албайт. Бир бөлүгү уктап жатса, экинчи бөлүгү изденүүнүн үстүндө болот. Талант деген элдики.”Артистин бир көргөнүн ит көрбөйт, бир көргөнүн хан көрбөйт”,- деп коет го.

Шоу бизнес ыплас дүйнө деп коюшат экен. Кандай ыпластыктарга кабылдыңыз?

-Ушул жашка чейин көп көңүл чөктүргөн учурларга туш болдум. Шоудан кимдин кандай деңгээли, оюу, ички-сырткы дүйнөсүн, мамилесин, жүрүш-турушу билинет экен. Мен алардын баарына жакшы гана нерселерди каалайм. Жакшы гана жагын көргүм келет. Бизди ата-энелер башкача тарбиялаган экен, душманга да жамандык каалабайм. Кээ бир нерселерди көрбөмүшкө салып көрбөй, кээ бир нерселерди укмамышка салып, укпай коюш керек экен.Анткени ошонун баары терс таасирин тийгизет.

Чыгармачылыктан башка дагы эмне менен алектенип жатасыз?

-Төрт жылдан бери келе жаткан аруу тилек болчу да. Ишке ашпай келе жаткан. Убакыт сааты келген окшойт баштадык. “Агро Топ” компаниясын ачтык. Бул жакта досторум да алектенет. Чыгармачылыктан тышкары да элге, мамлекетке дагы пайдабыз тийсин деп иштеп жатабыз. Эки жылдай болуп калды агро химия боюнча завод куруп, күнөскана, үрөөн жагында иштейбиз. Муну менен эл жумуш менен камсыз болуп жатат, мамлекетке да аз да болсо акча түшөт дегендей. Бирок, кичине оорурак. Анткени, мурдагыдай эркин жашоо эмес, эртен менен эрте туруш керек, баардыгын көзөмөлдөп туруш керек деген маселелери бар.

Маегиңизге рахмат! Чыгармачылыңыз өркүндөй берсин.

Элдияр кызы Элнур

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу