Абдырахман МАМАТАЛИЕВ, экс-вице-премьер-министр: “УНЧУКПАЙ ОТУРА БЕРГЕНДЕН МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛБЕЙТ”

— Абдрахман агай, жаз келгенде эле неге Кыргызстандагы чек ара маселеси курчуй баштайт?

— Жаз келээри менен суу, жайлоону пайдалануу маселелери курчуйт. Ошого байланыштуу чыр-чатактар чыга баштайт. Чек ара маселесин толугу менен чечүү чыны менен кыйын. Бирок, алдыга жылдырып, чек арада жашаган элдин коопсуздугун камсыз кылып, жашоо шартын жакшыртууга чара керуу зарыл.

— Чек ара маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргош үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керек?

— Өкмөттүн алдындагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясы активдүү иштеши керек. Тилекке каршы, акыркы 2 жылда тажик тарап менен бир дагы жыйын өткөрүшпөптүр (мисалы биз 2014- жылы 9 жолу, 2015- жылы 5-6 жолу жолукканбыз). Жумушчу топтор тарабынан даярдалган материалдар көп, ошолорду талкуулап, убагында туура чечим кабыл алып туруу зарыл. Кыргызстандын кызыкчылыгын колдоо үчүн чек ара маселелери менен компетенттүү, тажрыйбалуу, мекенчил, эл ишенген, таза, демилгелүү адамдар алектениши керек.

— Түштүктөгү чек ара жаңжалын эми эпке келтиргенде Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында жүк ташуучу машинелердин тыгыны күчөдү. Казак тарап бул абалды текшерүүгө көнбөй жаткан жүк ташуучуларга байланыштырууда. Кыргыз өкмөтү болсо үн ката элек. Негизи бул жагдайды ким жолго салышы керек?

— Негизи өкмөт иштеш керек. Тиешелүү кызматтар казак тараптагы кесиптештери менен байланышып, маселени чечиши керек. Болбосо унчукпай отура бергенден маселе чечилбейт. Тескерисинче күндөн-күнгө курчуй берет.

— Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалар катаал текшерүүгө кабылганын кыргыз өкмөтүнүн чабалдыгы, коңшулар менен тең ата сүйлөшө албай жатканында эмеспи?

— Кандайдыр бир деңгээлде, алардын жаңы келген жетекчилери менен мамиле жөнгө салына электигине байланыштуу деп ойлойм.

— Сооронбай Жээнбековдун Казакстан менен болгон мамилени жолго салганы, неге мындай маселени чечүүдө эске алынбай чек ара кризисинен ишкерлер жапа чегип жатат?

— Эгер бул маселени өкмөт жөнгө сала албаса, анда Президент өзү кирише баштайт го. Негизги себеби, коңшу мамлекетте президент да, өкмөт да алмашты. Эми алар жаңыдан байланыш түзүп, мамилени кайра баштан жөнгө салышы керек. Болбосо ушундай жагдайлар жарала бериши ыктымал.

— Экономикалык биримдиктеги эң жакын коңшулар товар өткөрүүдөгү абалды эмнеге жөнгө сала албай жатат?

-Бул жагдайлар ЕАЭСтин ишмердигин жөнгө салган мыйзамдарды дагы бир жолу карап чыгып, жаңы механизмдерди киргизүү зарылдыгын жаратууда. Бул маселе өлкө башчыларынын деңгээлинде талкууланып, чечим кабыл алынса туура болот. Антпесек мына ушундай түшүнбөстүктөр орун алып, ишкерлер жабыркай бериши мүмкүн.

Булак: Чынайым КУТМАНАЛИЕВА, “Майдан.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу