Абдылда Иманкулов: «Төртөө  сүйлөшүп алышып сахнадан мени сабап салышкан…» 

«Солдаттар» деген интермедиябыз бар болчу. Мен командир, Манас солдат болуп ойночубуз. Менин аны жаакка чапкан жерим бар эле, ошол жерге келгенде атайын катуу чапчумун. Сахнадан мага кол кайтара албай туруп калчу. Кийин «Уй жоготкон чал» деген интермедия ойноп калдык. Анда Күмөндөр командир, Манас сержант, мен уй жоготкон чалдын ролун ойночумун. Интермедия аткарып жатканда Күмөндөр «сержант» деген сайын Манас мени чаап турчу эле. Бир ирет түштүктү түрө кыдырып бир ай концерт берип, акырында Токтогулга токтодук. Ал күнү демейде бир эле жолу чапчу Манас мени сабап жатып калса болобу. Күмөндөр мени урбаш керек эле, бир аздан кийин ал дагы кошулуп сабап баштады. Ошондо анан алардын сүйлөшүп алганын байкап калдым да, интермедия аягына чыга электе сахнадан качтым. Качып бара жатсам интермедияга тиешеси жок эле Рахман менен Жамбыл мени кармап кайра сахнага алып келишип төртөөлөп сабап киришти…

БУЛАК:Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу