Абдыке: “Мени балдызым сүйүп калды”

Мен, 27 жаштамын. 7 жыл мурун үйлөгөнмүн.Кудайга шүгүр жашоом жакшы. Келинчегим алтындай баалуу, өтө акылман. Мени дегенде бүт баарын бере турган адам. Ортодо 2 балабыз бар. Биз бактылууу жашап жүрөбүз.

Бирок күндөр өтүп, алыскы балдыз менен таанышып калдык. Келинчегим телефон аркылуу аны менен өзү тааныштырган. Аны менен таанышкандан бери, балдызым “сизди сүйүп калдым” деп, болгон чачымды оюмду чачыратты. Азыркы күнгө чейин “сүйөм, күйөм, өлөм” деп, келет. Эмне кылсам болот? Ага карата бүт баарын кылып көрдүм качпады, токтободу? Алланын азабында эскертим болбой жатат… Телефонумду кара тизмеге киргизип, ал тургай номеримди алмаштырдым, баары-бир таап алат. Балдызым деле үй-бүлөөлүү…

Кээде ойлонуп келинчегим сынап жатабы? — деген ой кетет. Башым катып калды. Окурмандар эмне кылайын, жакшы кеңеш бериңиздер…

Абдыке…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу