«Абдыжапар» Ислам институтунун ректору болуп Нурбек кары Орунбаев дайындалды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 2017-
жылдын 3-октябрындагы №256 буйругуна ылайык Абдуразак Мурзабаевдин өз каалоосу
менен жазган арызынын негизинде Кара-Суу районунда жайгашкан «Абдыжапар» Ислам
институтунун ректору кызматынан бошотулду. Азирети Муфтийдин ушул эле буйругуна
ылайык «Абдыжапар» Ислам институтунун ректору болуп Нурбек кары Орунбаев
дайындалды.
Кечээ, 5-октябрда жаңы дайындалган жетекчини окуу жайдын эмгек жамаатына жана
студенттерине тааныштыруу аземи уюштурулуп, иш чарага Ош облусунун казысы
Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси
Токтосун Жапаров, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк
аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана Кыргызстан
Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев «Абдыжапар» Ислам
институтунун ректору Нурбек Орунбаевди жалпы жамаатка расмий тааныштырып,
ректордун алдыдагы иштерине ийгилик каалап, жоопкерчиликтүү милдетти татыктуу
аткаруусуна тилектеш экендигин билдирди. Ал эми ДИМКнын түштүк аймактык
бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жаңы жетекчини мамлекеттин талабын эске
алып, институтта олуттуу реформаларды жасоо зарылдыгын белгиледи. Мындан
сырткары институттун билим берүү стандарттарын заманбап деңгээлге чыгарып,
студенттер үчүн дипломдорду билим берүү министрлигинин лицензиясы аркылуу
берүүгө жетишүү керектигин билдирди. Ошондой эле окутуучулардын сапаттык
курамына өзгөчө көңүл буруп, иш кагаздарын талапка ылайык жүргүзүү сунуштарын
берди.
Орунбаев Нурбек Орунбаевичтин өмүр таржымалы жана эмгек жолу
-1987-жылдын 29-октябрында Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Кеңеш
айылында төрөлгөн. Диний жогорку билимге ээ.
-2005-2010-жылдарда Бишкектеги Азрети Умар атындагы Кыргызстан Ислам
институтунун “Араб тили жана шарият” адистигин ийгиликтүү аяктаган.
-2013-жылы Египеттеги “Калима” окуу борборунда араб тили боюнча атайын курсту
бүтүргөн. Азыркы күндө Ош мамлекеттик социалдык университетинде «Юриспруденция”
адистигин бүтүрүү алдында.
Эмгек жолу
-2009-2013-жылдары Бишкек шаарындагы “Аиша” мечитинде имамдын орун басары
кызматын аркалоодон баштаган.
-2012-2013-жылдары Кыргызстан Ислам Университетинде Куран сабагы боюнча окутуучу.
2013-2015-жылдары Ысык-Көл областынын Өрнөк айылында имам-хатиб болуп
иштеген.
-2015-жылдан тартып азыркы күнгө чейин Ош облусунун казысынын орун басары болуп
иштеп келе жатат.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу