Абдыгулов «ыйык уйбу»?..

Улуттук банктын төрөгасы Толкунбек Абдыгулов уят-сыйыттан кийин төрөлгөн такыр эле башка планетадан келген неме окшойт. Дегенибиз, 5,5 миллионнасыя алып, 4 млн. 824 миң сомун ошол өзү жетектеген Улуттук банк кечип салыптыр. Эми бул эмне деген шумдук?! Абийирсиздиктин жеткен чеги ушул эмеспи. өзүнүн алган жылдык айлыгы эле миллиондорду чапчыйт. Анан аны үстүнө ссуда алып, анан аны болбогон шылтоо менен кечиртип май кармаган бармагын жалайт болуп жыргай берген акылга сыйгыс иш. Эл арасында жөнөкөй жарандар 50 миң, 100 миң насыясын төлөй алышпай күрөөгө койгон мүлктөрүн тарттырып жиберишип сыздап жаткандар канча? Кудайды караш керек да? Абдыгулов элден башкача, ыйыкпы?

Каалаган жерге сийип-чычса да, жолго, имаратка кирип жатып алса да, аздектеп ыйык тугкан Индиянын сыйыры (уйу) болсо да эмне болуптур. Мындай акмакчылыкка бийлик көз жумбай, чара көрүшү милдет. Мыйзамдуу түрдө кечилген деп ооздорун куу чөп менен аарчыган, мамлекеттин каражатын жогорку кызматта иштегендер ар кандай жолдор менен ичип-жей берсе жарашат дегенге жол ачат. Бул деген мыйзамдуу коррупция.

Толкунбек Абдыгулов ссуданы төлөй албай калгыдай итке минип калган жарды эмес.

Демек, алган акчасын мамлекетке кайтарууга тийиш. Толкунбек мырзанын жолун башкалар жолдоп, мамлекетти сызга отургуза берсе жакшыбы? Мындай болбойт!

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу